Айбат » Кудайберген Базарбаев:Кыргызстанда 400 миңден ашык жаран социалдык жөлөкпул алат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кудайберген Базарбаев:Кыргызстанда 400 миңден ашык жаран социалдык жөлөкпул алат

жардам

Социалдык өнүгүү министрлиги Жогорку Кеңештин 23-майдагы пленардык жыйынында депутаттардын айткан эскертүлөрүн эске алып, иш-аракет планын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда ведомствонун кеңейтилген жыйынында министр Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, министрлик ишин түрдүү багыттарды оптимизациялоо менен баштайт. Биринчи кезете интернат мекемелери боюнча ишти жакшыртат.

“Азыр балдардын саны аз болгон көптөгөн ири интернаттар бар. Ал жакта ар бир балага кеткен чыгым акталбайт. Ошондуктан чакан интернаттарды түзүү керек”,- деген сунушун билдирди министр.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү 413 миң жаран социалдык жөлөкпул алат. Аны төлөө үчүн 6 млрд 996 млн сом жумшалат.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/226164



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru