Айбат » Кыргыз футболу жанданды…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Кыргыз футболу жанданды…

2018-жылы Россияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндары эске салсак 2015-жылдын июнь айында Азия континентинде башталган. Биздин сүйүктүү курамабыз  “В” тайпасына туш келип Австралия, Иордания, Тажикстан, Бангладеш курамалары менен кез келген. Өзүнүн биринчи беттешин 11-июнда Бангладештин борбору Дакка шаарында бангладеш менен беттешип 1-3 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип тийиштүү үч упайды камсыз кыла алган жана бул эң жакшы старт десек жаңылышпайбыз.

Кыргызстан футбол боюнча курама командасы

Экинчи беттеши 16-июнда Бишкекте өттү. Ал беттеш Азиянын чемпиону Австралия менен өтүп биздикилер 1-2 эсебинде жеңишке жетпей калган. Биздин фудболчуларыбыз жогорку деңгелдеги оюн көрсөтүп Австралия курама командасын бир топ шаштысын кетирген, жана күйөрмандардын купулуна толгон оюн болгон Кыргызстанда эле эмес дүйнөнүн көп жеринде талкуу жарата алды.

Үчүнчү беттеш 3-сентябрда Амман шаарында өтүп Азия континентинде күчтү саналган Иордания курамасы менен беттешип  эсеп 0-0 менен аяктады албетте бул жыйынтыкка ыраазы болбосо болбойт, себеби конокто тең чыгуу бул жакшы көрсөткүч.

Төртүнчү беттеш кайра бишкек шаарында Дөлөн Өмүрзаков атындагы Спартак стадионунда 8-октябрда Кыргызстан-Тажикстан беттеши болду. Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрү жана серепчилер Кыргызстандын жеңишке жетүүсүнө баа берген. Оюндун биринчи бөлүгү серепчилердин баамындагыдай болуп 7-мүнөттө биздикилер гол жаратканга жетишти, жана бир канча кооптуу жагдайларды жаратты. Экинчи бөлүктүн 65 мүнөтүндө Тажикстандын оюнчулары эсепти теңөөгө жетишип Кыргыз күйөрмандардын эле эмес Кыргыз футболчуларынын да жүзүнөн жылмаюусун алып койду, оюндун 71-мүнөтүндө Кыргызстандын коргоочусу колу менен ойногону үчүн, жылмаюуну эле эмес ишенимди да алып койгонсуду себеби талаа калысы 11-метрлик айып соккусун белгиледи. Тажиктер мүмкүнчүлүктү пайдаланып 1-2 эсебинде алга суурулуп чыкты. Канча аракет кылган менен Кыргыз футболчулары эсепти теңдөөгө, кооптуу жагдай да жаратканга чамасы келбеди ал эми Тажик футболчулары жанкечтилик кылып убакыт созгонду токтотподу. 90-мүнөткө кошумча кошулган 4 мүнөттүн акыркы секундаларында дарбаза сызыгынын ичинде Кыргыз футболчусуна орой ойногону үчүн 11 метрдик айып соккусун Кыргызстандын пайдасына чечип берип үзүлгөн үмүттү талаа калысы кайра жандандырды  Орто Азиянын дербиси 2-2 менен аяктады.

Кыргызстан – Бангладеш оюнун жазабыз

Беттеш башталганда эле кыргыз футболчулары оюн талаасында үстөмдүк кылып атаандаштарына бир нече кооптуу соккуларды уруп, топко арбын ээлик кылышты. 27-мүнөттө Эдгар Бернхардттын бурчтан узаткан тобун чабуулчу Виталий Люкс дарбазага киргизип эсепти ачты. 65-мүнөттө чабуулчу Мирлан Мурзаевдин ордуна кирген Ильдар Амиров оюндагы акыркы эсепти 88-мүнөттө жапты. Коргоочу Валерий Кичин сол тараптан дарбазага тепкен топту бангладештик дарбазачы Сахидул Алам тозууга үлгүрүп, бирок топту кармай албай калган. Ошол учурда чабуулчу Ильдар Амиров алдына келген топту дарбазага түз тээп, топ атаандаштарынын коргоосун кайып өтүп кирип кетти.

Эске сала кетсек сегиз группада 40 курама жат оюн өткөзүп жатат. Биринчи орун менен чыккан 8 курама жана мыкты оюн көрсөткөн 4 курама командалары кийинки баскычка өтөт жана 2019-жылы боло турган Азия чемпиондугуна жолдомо алат.

Кыргызстан Тажиктер менен 11 жолу беттешип 2 жолу жеңишке 2 жолу тең чыгуу 7 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Иордания курамасы менен жалпысынан үч беттеш өткөрдү бир жеңиш бир жеңилүү бир тең чыгуу. Азиянын чемпиону Австралия менен биринчи жолу кез келип Австралиянын пайдасына чечилди. Бангладеш курамасы менен 3 жолу беттеш өткөрүшкөн. Үч беттеш тең Кыргызстандын пайдасына жазылган.

Бүгүнкү күндө В тайпасынында төмөнкү беттештер болду

1-чи тур, 11 июнь

Таджикистан 1-3 Иордания

Бангладеш 1-3 Кыргызстан

 

2-чи тур, 16 июнь

Бангладеш 1-1 Таджикистан

Кыргызстан 1-2 Австралия

 

3-чү тур, 3 сентябрь

Австралия 5-0 Бангладеш

Иордания 0-0 Кыргызстан

 

4-чү тур, 8 сентябр

Таджикистан 1-3 Австралия

Бангладеш 0-4 Иордания

 

5-чи тур, 8 октябрь

Кыргызстан 2-2 Таджикистан

Иордания 2-0 Австралия

 

6-чы тур, 13 октябрь

Иордания 3-0 Таджикистан

Кыргызстан 2-0 Бангладеш

6 турдан кийинки  «В» тайпасындагы жыйынтыктар

13 упай менен алдыда Иордания курама командасы, 9 упай менен Азиянын чемпиону Австралия келе жатат. Ал эми биздин курама командабыз 8 упай менен 3 орунда келе жатса Таджикистандын карамагында 2 упай болуп Бангладеште 1 упай менен тайпанын акыркысы болуп келе жатат.

Калган оюндардын тизмеси

7-чи тур, 12 ноябрда

Таджикистан – Бангладеш

Австралия – Кыргызстан

 

8-чи тур, 17 ноябрда

Бангладеш – Австралия

Кыргызстан – Иордания

 

9-чу тур, 24 мартта 2016 жылы

Австралия – Таджикистан

Иордания – Бангладеш

 

10-чу тур, 29 мартта 2016 жылы

Таджикистан – Кыргызстан

Австралия – Иордания

Азамат Өкүшов

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru