Айбат » Кайырчыдан 40 миң евро кайрымдуулук

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кайырчыдан 40 миң евро кайрымдуулук

кайырчы жана жаш балаБул сүрөттөгү чалды көптөгөн адамдар интернет булактарынан көрсө керек. Бирок, бул чалдын жашоосун биле бербесе керек. Бул чалдын аты Добри, Болгариянын Баилова айылынын тургуну. Азыркы тапта бул чалдын жашы 100 жаштын кырын ашып жатат. Кийинген кийими эскилиги жетип калган жана бул кийим менен кышы жайы кийинип жүрө берет. Добри Софидеги ыйык  Александра Невскойдун  соборунда (храм) дайыма турат. Ал күнүгө эртең менен туруп  өзүнүн Баилова айылынан 10 километр жайгашкан шаарына келет. Көп жылдан бери Добри кайырчылык кылып келет. Бирок, ал кайырчылык кылып чогулткан акчасын коротпостон Болгария боюнча бардык чиркөөлөрдү оңдоп түзөтүүгө чогултат экен. өзүнүн күнүмдүк тамак ашына, басып турганына пенсиядан алган 100 евросун гана коротот. 2010-жылы Александра Невскойдун  собору (храм) боюнча документалдык кино тартып жатканда Болгариялык бир тележурналист чиркөөнүн архивин карап жатып эң кызыктуу маалымат ала алган. Ал маалыматта Александра Невскойдун  соборунун (храм) тарыхында эң көп кайрымдуулук каражаттын суммасы 40 миң евро болгон. Мынчалык жоомарттык кайрымдуулукту Болгариянын чириген байы кылган эмес, ал кайрымдуулукту мына ушул кедей жашаган жана кайырчылыктан топтогон Добри чал кылган экен. Добри чал мындан тышкары көптөгөн жардамдарды кылып келген. Мисалга алсак: балдар үйүнүн коммуналдык төлөмүн төлөп аларды жылуулуктун жана жарыктын өчүрүлүшүнөн сактап калган. Мындан тышкары үйү жокторго жардам бере алат. Добри чалдын бардык жакшылыктарын биле албайбыз, анткени ал бардыгын айта бербейт.

кайырчы кайырчы кайырчы

Айбат гезити №150 (16.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru