Айбат » Он сом

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Он сом

10 сомНегизи эле  жашоодо болуунун өзү жыргал, чыккан күн батпай койбойт болгону ушул күндү жыргал менен өткөрөйүн деп, шаарыбыздын көчөлөрүндө жөө басканды жакшы көрчүмүн. Ар дайым окуу бүтөрү менен, сейилдеп  көпкө чейин басып жүргөндү жактырган жаным, мээм сергигенче сейилдеген соң, үйгө маршруткага түшүп кайтчумун. Маршруткада баратып бош орундуктар болсо олтуруп алып жолдо бара жаткандардын арасынан тааныштарымды издеген адатым бар эле. Ошондой күндөрдүн биринде маршруткага классташ кызым чыгып калды. Аны көргөндө дароо колумду булгалай жылмайдым, ал кыз дагы мени карап жылмайып койду. Жол киресин төлөгөнгө сумкасынан капчыгын алып чыгып, миң сом  берди. Айдоочу майда жок беле, менин да кайтарганга акчам жетпейт дегенде, бизден сурап калды. Олтургандардын баары баштарын чайкап жок дешти, алар менен кошо мен да жок деп ишарат кылдым. Мага кайрылып “он сом берип турчу, түшкөндө майдалатып беремин”, – деп калды. Мен ойлонбой туруп шаша-буша “жок эле”, – деп кызарып, ичимен өрттөнүп, оозуман сөзүм түшүп, ошол жерде мени жер жутпады, же түшүп кетүүгө да айла болбоду. Тек гана унчукпай бара жаттым, ойго эч нерсе келбей, бир сөз сүйлөөгө дарманым жетпеди. Демейде бат жеткен маршрутка ошол учурда  таптакыр жетпей койду, өзүмдү эң жаман абалда сездим. Түшүп баратып “макул жакшы кал”, – деген сөз оозумдан араң чыгып түшүп калдым. Эркек болуп жаныңда он сом жүрбөсө, эмнең эркек деп өзүмдү көпкө жемелеп, маанайым көтөрүлбөй  жүрдү. Ошол күндөн тарта маршруткада бара жатып, эки жакты карап тааныш издемек түгүл, тааныштарым чыкса да бетимди ката турган болдум, – деп, жаңы эле сейил бакта таанышкан бейтааныш жигит ордунан туруп жөнөп кетти. Аа мен болсо оюма ар нерсе келип күлүмсүрөп, мага да он сом берип турбайсызбы? – деп айта албай кала бердим.

Мелисбек Мамбеталиев

Айбат гезити №150 (16.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru