Айбат » Таттуу татымдар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Таттуу татымдар

Өткөн саныбызда силерге закускаларды даярдоо ыкмалары менен тааныштырсак, бул саныбызда көпчүлүк адамдардын сүймөнчүлүгү, жакшы көрүп жеген таттуу татымдар менен тааныштыралы деп чечтик. Анда эмесе бул кеңештерибизди колдонуп өзүңүздүн жакын адамдарыңызга жасап берип жакшы маанай тартуулаңыз.

пирог

“ХАНЗААДА” ПИРОГУ

Керектелүүчү азыктар:

  • Жумуртка- 5 даана
  • Кум шекер- 200 грамм
  • Даамы жок өсүмдүк майы- 150 мл
  • Суу (ысык)- 150 мл
  • Ун- 300 грамм
  • Разрыхлитель- 2 чай кашык
  • Мак (молотый) – 80 гр Начинкасы үчүн:
  • Алма – 1 кг • Кызыл карагат – 150 гр
  • Каймак май – 2 аш кашык
  • Ваниль кум шекери – 20 гр
  • Кум шекер – 2 аш кашык
  • Лимон – 0,5 шт

Даярдоо ыкмасы:

Алманы таза жууп, ортосундагы данектерди чыгарып тазалайсыз. Карарып кетпеши үчүн лимондун ширесинен тамчылатып коёсуз. Жука тикелерге кесесиз. Карагатты жууп, тазалап коёсуз. 25Х35 өлчөмүндөгү кагазды майлап кум шекерди ванилди себелеп коёсуз. [ Эми камыр жасалат. Жумуртканын сарысын кум шекер менен аралаштырып, ага май менен сууну кошосуз. Андан ары унду сээп, разрыхлителди кошуп аралаштырасыз. Камырга мак кошулат. Кагазга салынган кум шекердин үстүнө карагаттын жарымын саласыз. Андан кийин алма, кайрадан карагат салынат. Камырды кошосуз. Эми 170 градус ысыктыктагы духовкага 30 мүнөткө саласыз. Андан кийин кагаздан бөлүп аласыз.

 

КАПУСТА ПИРОГУ!

Керектелүүчү азыктар:

Капуста- 500 грамм

Жумуртка-3 даана

Каймак -5 аш кашык

Майонез- 3 аш кашык

Ун- 6 стакан

Разрыхлитель- 2 чай кашык

Укроп- бир боо

Кунжут- көз ченем менен үстүнө себилет

Даярдоо ыкмасы:

Капустаны туурап, туздап кол менен жеңил мыкчылап коёсуз. Укропту майда туурап кошосуз. Жумуртканы чагып даярдап аласыз. Камырды даярдайсыз. Формага келтирип каймак кошосуз. Үстүнө камырды куюп бетине кунжут сээп коёсуз. 180 градустагы ысыктыктагы духовкага 30 мүнөткө коё турасыз.

 

Пирог

Кандай азыктар керек?

Камыры үчүн:

Каймакмай: 100 г

Каймак: 100 г

Ун: 200 г

Шекер: 3 чоң кашык

Сода: жарым чай кашык

Начинкасы үчүн:

Кычкыл-таттуу алма: 500 г

Каймак: 200 г

Шекер: 150 г

Жумуртка: 1 даана

Ун: 2 чоң кашык

Кантип жасалат?

Эң биринчи  камырын жасап аласыз. Андан кийин каймакмайга шекерди кошунузда аны  эритип алып каймакты кошуп аралаштырыңыз. Андан кийин ундга соданы кошуп камырыңызды  жууруп алыңыз да муздаткычка 20-30 мүнөт саласыз. Камыр даяр болгонго чейин начинкасын даярдаңыз. Ага каймакты, шекерди, жумуртканы, унду кошуп жакшылап чаласыз. Алмалардын кабыгын аарчыпалып ортосунан бөлүп туруп уруктарын тазалаа алыңыз.  Тазалап алгандан кийин жука, жалпак тилимдерге бөлүңүз. Камырыңызды муздаткычтан алып чыгып туруп калыпка тегиз кылып салыңыз. Анын үстүнө алманын тилимдерин тизиңиз. Алманын тилимдерин түзүп бүткөн соң үстүнө алманын баарын жапкыдай кылып начинканы куясыз. 180 градус ысыктагы духовкага салып, 50 мүнөттөй бышырсаңыз пирогуңуз даяр болуп калат. Бирок  пирог толук муздаганда гана даамына чыгат.

 

Рулет

Кандай азыктар керек?

Камыры үчүн:

Жумуртка: 4 даана

Шекер: 4 чоң кашык

Ун: 4 чоң кашык

Көптүргүч (разрыхлитель): 0,5 чай кашык

Начинкасы үчүн:

Шекер: 2 чоң кашык

Алма (көк кычкыл): 3-4 даана

Лимондун кабыгы: 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы

Алманын кабыгын арчып уруктарын тазалаңыз.  Алманы кыргычтан өткөрүп, ширесин сыгып аласыз. Ширеси сыгылгандан кийин алмага шекер менен лимондун катырылган, майдаланган кабыгын кошуп аралаштырыңыз. Бул аралашманы түбү бир аз майланган калыпка тегиздеп саласыз. Жумуртканын агын сарысынан бөлүп алыңыз да, сарысын чалып, шекер кошуңуз. Шекер эригенге чейин  чалыр туруңуз. Андан кийин ун менен көптүргүчтү кошуп чаласыз. Жумуртканын агын өзүнчө чалып алыңызда чалынып бүткөндөн кийин аны да кошуңуз. Пайда болгон суюк камырды калыптагы алманын үстүнө куюп, тегиздеп коёсуз. 180 градуста ысытылган духовкага пирогду салып 15-20 мүнөт бышырыңыз. Бышган  соң таза майлыкты бетине жабасыз да, калыпты оодарасыз. Майлыкта калган пирогду начинкасы ичинде калгандай кылып оройсуз. Рулеттин бетине шекер упасынан себелеп койсоңуз болот.

 

Фаршталган алма

Кандай азыктар керек?

Көк алма: 2 даана

Быштак: 100 г

Жумуртка: 1 даана

Мейиз: бир нече даана

Шекер

Даярдоо ыкмасы

Алгач алманы жууп алыңыз, алманы кургата аарчыйсыз. Үстүн «капкак» түрүндө кылып кесип аласыз да, чай кашык менен ортосун оюп алыңыз. Быштакты идишке салып, ага жумуртканы, мейизди жана татымына жараша шекер кошуп аралаштырыңыз. Бул аралашманы ортосу оюлган алмаларга толтуруп салып, «капкагын» жабасыз. Алмаларды 180 градус ысытылган духовкага салып 20 мүнөт  күтүңүз. Бышкандан кийин фаршталган алманын даамын тата берсеңиз болот.

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru