Айбат » Мурунку Мерген Турган жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мурунку Мерген Турган жок

КТРКдан «балдардын сынагынан сынбайсыңбы?» телеберүүсүнө Мерген Турган байкебиз костюм шымга батпагандай семирип келгенин эл көрсө керек. Азыр анын бири жок. Мерген байкебиз «үмүт» деген сергек жашоо клубун ачып алып, 18 килограммга арыктап, толук ырчыларды да сүйрөп барып арыктатып жатыптыр.

Мерген Турган жана баласы

 

- Мерген мырза, абдан толуп кеттиңиз эле, азыр аябай арыктаптырсыз? Ашыкча салмактан кантип арылдыңыз?

– Мен 100 кг салмакка жетип, бутумду байлай албай, балама байлатып калгам. Дем ала албай, күйүгүп жүрдүм. Диета кармап, спорт менен машыксам деле баягы топтолгон майлардан арыла албай койдум. Кан басымым көтөрүлүп түшпөй туруп алды. Мен өзү башынан эле фонограмма менен ырдаганды жаман көрөм. Кийин кышылдап жандуу үн менен ырдай албай калдым. Азыркы күндө 18 кг арыктадым.

- Бул клубду өзүңүз ачтыңызбы?

– Сайра деген эжем көргөзүп, мени алып келген. Жаңы жылдын алдында өзүмдү майрамдык көрсөтүүдөн көрүп, абдан уялдым. Мен бир нерсени өзүм көрмөйүнчө ишенбейм. Райхан эже, балам болуп үчөөбүз трио ырдаганбыз. Эжем да толук, мени айтпай эле кой. Анан арыкташ керек деп өзүмө максат койдум. Бирок, арыктоонун айласын таппай жатам. Сайра эжемдин чакырганынан улам клубга келип, 4 айдын ичинде 18 кг арыктадым. Он күндөн кийин эле 4 киллограммга чейин майлар кеткен. Бул клубдун атын « Үмүт» деп энемдин атынан койдум. Бул жашоодо үмүт менен жашаш керек да. Азыр көп адамдарды клубума чакырып, алардын алкыштарына калып жатам. Буюрса жыйынтыктар сонун.

- Сиздин клубка атактуулардын кимиси келип арыктап жатат?

– Башында эле Райхан Абдувалиева эжекемди алып келгем. Ал 14 кг  арыктап, жаш кыз болуп кетти. Гүлнара Кахарова сонун болуп арыктап кетти. Азыр Гүлнара Тойгонбаева келип, сулуу болуп жүрөт. Тойдо жүргөн жакшынакай ырчылар келип жатышат. Адилет Азимов деген жигит келип өзүн карап жүрөт. Биздин клубдан тамакты туура жегенди үйрөтөбүз. Менин арыктаганымды көрүп, көптөр келип жатат. 145 кг салмак менен эч жака чыга албай үйүндө отуруп, жашоодон үмүтүн үзүп калган бир эжем бар болчу. Аны клубга алып келген элем, 30 кг салмакты ыргытты. Жашарып, сулуу болуп, беш маал бетимен өөп жатат. Семирип кетүү да чоң көйгөй экен. Бул клубга келгени өзүмдү жакшы сезип калдым.

- Клубда келип иштеп жатыптырсыз. Чыгармачылыгыңыздан алыстап кетпейсизби?

– Чыгармачылыгым эң биринчи орунда турат. Арыктап, жакшынакай болуп алып анан кайрадан клиптеримди тартайын деп жатам. Телевидениеде көрүп жүргөнүңүздөрдө абдан семиз убагым. Ал кадрларды көргөндө өзүм уялам. Бул клуб болсо элге жардам берген жакшы иш экен. Муну мен экинчи жумушум дейм. Мен ортодон бөдөнө бактым, тоок, мал бактым. Мен жасап көрбөгөн эч нерсе калган жок десем болот.  Ал бизнестеримди туугандарыма өткөрүп койгом. Көңүлүңдү коюп, убакыт тапсаң баарына жетишет экенсиң.

- Гардеробдогу кийимдериңизди эмне кылдыңыз?

– Ал кийммдеримди азыр кийе албай калдым. Аларды кичирейтейин деп атам. Артисттердин барын четинен сүйрөп келип арыктатып жатам. Биздин менталитетибиз башкача эмеспи, өзүбүзгө көп көңүл бурбайбыз, акча дегенде баарын кое салабыз. Андай туура эмес. Биринчиден өзүбүздү сүйгөнгө үйрөнүшүбүз керек. Өзүбүздү карасак, анан башка бирөөнү карай алабыз. Көп адамдар өз жанынан аяйт экен. Биринчи адам өзүнүн ден соолугун чыңдап алып анан башка иштерин жасаш керек. Үйдү салып, байлыкты топтоп алып бирок оорулуу болуп турса, ал кимге керек? Эртеңки балдар үчүн да ден соолукта болушубуз керек. Арыктагысы келгендердин баарын менин «Үмүт» сергек жашоо клубума чакырам. 0555151508

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru