Айбат » Быйыл ажылыкка баруу 2 миң 300 доллар турат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Быйыл ажылыкка баруу 2 миң 300 доллар турат

мекке

Кыргызстандын зыяратчылар үчүн ажылыктын так баасы аныкталды. Быйыл ажыга баруучулар 2 миң 300 доллар төлөшөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын маалымат катчысы Эсен Өмүракунов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, быйыл ажылыкка баруунун баасы былтыркыга 50 долларга кымбаттады. Себеби, “Кыргыз Транс Авиа” авиакомпаниясы жол киренин баасын кымбаттаткан.

Быйыл Кыргызстанга 3 миң 600 квота бөлүнгөн, бул 2012-жылга салыштырмалуу 900 орунга аз. Квотанын кыскарышы Сауд Аравиясында жүрүп аткан курулуш иштерине байланыштуу.

Ошондой эле, кыргызстандык зыяратчылар 17-сентябрдан 3-октябрга Сауд Аравиясына учушат.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/226162




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru