Айбат » “Крит” болгон “дамалар” жана “королдор”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Крит” болгон “дамалар” жана “королдор”

карта_дама, корольСаясатка аралашкан адам андан чыга албай калат, – дептир бир ойчул. Чынында канча жылдан бери саясатта жүрүп, саясат менен жашап келген саясатчыларыбыз бар. Алардын жашоосунун өзү – саясатташкандай. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы саясатчылардын жарымына чукулу кайрале шайланып келди. Ошонун өзү эле саясаттан кете албагандыгы деп түшүнсөк болот. Ал эми ошол эле 5-чакырылышта депутат болуп, кайра 6-чакырылышка келбей калган айымдарды айткыбыз келди. Жылдызкан Жолдошева канча аракет кылганы менен анын партиясы артынан санаганда биринчи орунду алып, Жогорку Кеңештин тепкичине да жетпей калышты. Ыргал Кадыралиева болсо бул шайлоого аттанган жок. Эми ал эжекебиз саясатта өз ишин улантабы же мугалимдик кесибин аркалайбы убакыт көрсөтөөр. Ширин Айтматова да бул шайлоого акчасы жок катышпаарын айткан. Роза Акназарова, Бөдөш Мамырова, Надира Нарматова, Асия Сасыкбаевалар да бул жолку чакырылышта келе алышкан жок. Албетте, саясатчы айымдарыбыз 5 жыл ичинде айымдар үчүн бир топ жакшы эмгектерди жасай алышты. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз. Өзүңөрдөн кийин өсүп келе жаткан жаш айымдарга «орун» бергениңиздерге ыраазычылык билдиребиз.

Өз өмүрүн саясатка арнаган мырзаларыбыз да бул жолку чакырылышта Жогорку Кеңешке баш бакпай калышты. Равшан Жээнбеков эми 5 жыл Ак Үйдөгү креслосуна отура албай түшүнөн чочуйт. Анын саясаттагы досу Өмүрбек Абдрахманов да бул жолу депутат болуп шайланбай калды. Турсунбай Бакир уулу «Ар Намыс» партиясынан 5-чакырылышта депутат болуп жаш аял алып, андан 2 балалуу болуп, кайра ажырашканга жетишти эле, эми минтип шайлоодо жеңишке жетишпей калып, санын чаап отуру. Анын бул жолу депутат болбой калаарын койнундагы жаш аялы мурун эле сезген окшойт, кеткенде да хиджабын чечкен бойдон кетти. Эми депутат болбой калды, анын кайра үйлөнөөрү күмөн. Эсенгул Ибрав деген да шерибиз депутат болбой калып, мурунку креслосун сагынып туру. Баарынан да Карганбек Самаковго жаман болду. 5 жыл ичинде тарыхта кала тургандай ири иштерди жасай алды. Эми Карганбек мырзаны креслосу жоктойт го. Темир Генералыбыз да маанайы жок жүрү. Жогорку Кеңешке келип кичине кыргызча тамгалап окуп калды эле, эмки беш жылдыкка чейин генералыбыз кыргызчаны таптакыр эле унутуп калбаса болду. Феликс Кулов баары бир жөн турбайт. Саясий пенсияга кетеби же бир жердин элчилигин сурайбы аны убакыт көргөзөт. Дагы бир генералыбыз Исмаил Исаков да бул жолу мандаты жок, «ардактуу эс алууга» кетти. Данияр Тербишалиев да шайлоодо теминип жүрдү эле, буйрук экен сыртта калды. Ташиев мырзага акыл кирип калган окшойт, Жогорку Кеңешке кирбей калса да, Бабановдун «махабатына» берилип кеткенби, айтор азырынча ооз ача элек. Ак үйдө иштеп жүргөндө эле эшиктен кирбей, забордон секирип кирем деп Ак Үйдүн тарыхында калды эле. Эми депутат болбой калып, унчукпай отурганы кызык болууда.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru