Айбат » Жогорку Сот “Бүтүн Кыргызстан Эмгектин” арызын канааттандырган жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жогорку Сот “Бүтүн Кыргызстан Эмгектин” арызын канааттандырган жок

Бүтүн Кыргызстан ЭмгекКыргызстандын Жогорку Соту бүгүн, 22-октябрда “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө БШКнын чечимин жокко чыгаруу тууралуу көзөмөл арызын канааттандырган жок. Мындай чечимди судья А.Ажыбраимованын төрайымдыгы астындагы соттук коллегия чыгарды.

Партиянын өкүлү Абдраевдин көрсөтмөлөрүнө ылайык, партия БШК чечимине даттануу киргизүүгө аракет кылган, бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу аларды канааттандыруудан баш тарткан. “Арызды шайлоонун жыйынтыгы расмий угузулгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде бериш керек болчу. Бул жекшемби күнгө туш келип калгандыктан, биз апелляция бере албай калдык. Арызды дүйшөмбү күнү бердик, бирок сот арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткенин билдирди”, – деди ал.

Аталган партия Ош жана Жалал-Абад облустарында добуштарды саноодо чоң айырмачылыктар болгон деп, 100дөн ашуун добушканадагы бюллетендерди кайра саноону талап кылган. Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту арыздануу мөөнөтү өтүп кеткени үчүн ишти кароодон баш тарткан. Жогорку Сот да бул чечимди туура деп тапты.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru