Айбат » Таза шайлоо өткөнү менен партиялардын ичинде «ыркырашмай» уланууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Таза шайлоо өткөнү менен партиялардын ичинде «ыркырашмай» уланууда

ШайлооЖогорку Кеңештин 6-чакырылышы кийинки жумада алгачкы жыйынга чогулары күтүлүүдө. Ошол эле маалда парламент босогосун аттаган партиялар ичинен “ит-мышыктай” ыркырашып, мандат көйгөйүн чече албай убара. Мындай көрүнүш КСДПдан бөлөк партияларда кеңири орун алган. Анда эмесе сөз башынан болсун.

“Балдарыбыздын жакшылыгын көрбөй калалы, Кудай уруп кетсин” деп касам ичкен “Республика – Ата журттун” тизмеден чыгарылган 10дон ашуун талапкери Жогорку Соттун чечимин күтүп аткан чагы. Тизмеде 20-сапта турган Аида Исмаилова өз колу менен арыз жазбаганын, анын ордуна бөлөк адам арыз жазып, кол койгонун айтып тийиштүү органдарга кайрылды эле, Ички иштер министри бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Ага жооп катары “Республика – Ата журттун” борбордук штабы А.Исмаиловадан 10 млн. сом өндүрүү максатында сотко кайрылды.

Айтор, “Республика – Ата журттун” ичиндеги “кырылыш” кандай жыйынтыкталары бүдөмүк болуп туру.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru