Айбат » Бабановдун башы катты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бабановдун башы катты

Өмүрбек БабановЖогорку Сот 22-октябрда «Республика – Ата-Журт» партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Исмаилованын арызын канааттандырып, аны тизмеден чыгарган БШКнын чечимин жокко чыгарды. А.Исмаилованын тарапташтарынан айтымында, анын мандаттан баш тарткан арызы экспертизадан өтүп, жасалма болуп чыкканы аныкталган. Демек, А.Исмаилованын атынан башка бирөө тизмеден чыгуу үчүн арыз жазган.

Ошондой эле А.Исмаилованын жактоочусу мыйзам боюнча тизмеден же мандаттан талапкер өзү гана баш тарткан арыз жаза алат же ишенимдүү адамыны аркылуу нотариус аркылуу мындай билдирүү калтыра аларын кошумчалады.

Ал эми БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаровдун айтымында, партия жана талапкер арызды шайлоого чейин жазылганын айткан. “Бул партиянын атайын келишинин негизинде жазылган нерсе. Биз сизди тизмеге кошобуз”, – деди ал.

Соттук талаш-тартыштан кийин судья Калиеванын төрайымдыгы астында өткөн соттун жыйынтыгында БШКнын Аида Исмаилованы “Республика-Ата Журт” партиясынын тизмесинен чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылды.

Кудайды, бала-чакасын аралаштырып партиялаштарына касам ичтирген Бабановду даана Кудай эми урду окшойт. Жогорку Соттун чечими өзгөрүлбөйт жана ага арызданууга мүмкүн эмес. Эми Өмүрбек Токтогулович тизмеге киргизген жакын санаалаштарынын бирөөсүн чыгарууга милдеттүү. Эми бул партиянын тизмесинен чыгып калган башка талапкерлер да Жогорку Сотко кайрылбаса болду. Бабановдун башы эми катат го.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru