Айбат » Депутаттык мандат үчүн “Кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын” дегендер анттан тайышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутаттык мандат үчүн “Кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын” дегендер анттан тайышты

Кресло, депутат“Республика – Ата журт” партиясынын тизмеден чыгарылган талапкерлери менен партиянын ортосундагы чыр ырбап барат. Тизмеде №20 талапкер катары катталган Аида Исмаилованын арызынын негизинде Ички иштер министрлиги “Республика – Ата журтка” карата кылмыш ишин ачса, аталган партия А.Исмаилованы 10 млн. сомдук доо коюп, сотко кайрылды. Ал ортодо, тизмеден чийилген экс-талапкерлердин “Партиянын саясый кеңешинин чечимин аткарбасам Жараткан Кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын” дегендей антынын тасмасы жарыяланды. Бирок, буга экс-талапкерлер, ошол эле Аида Исмаилова макул эмес.

Анын айтымында, мындай мүнөздөгү антты ал 14-августта берип, арыз жазган. “Бирок, биз арыздын алдына кол койгон эмеспиз. Ал юридикалык күчкө ээ эмес. Мыйзам боюнча, биз өзүбүз БШКга арыз менен кайрылышыбыз керек эле, анан БШК чечим кабыл алышы талапка ылайык болчу. Чындыгында андай болгон жок. Биздин эски арыздарыбызды гана чогултуп алып, биздин колтамгабызды коюп, датасын белгилеп салышыптыр”, – дейт А.Исмаилова.

Бул чыр кандай жыйынтыкталары азырынча белгисиз. Ошентсе да, партия лидери Өмүрбек Бабанов өзүнүн дараметин көрсөтүп койду. Бир партияны тындап жетектей албаган өкмөттү, мамлекетти кантип башкарсын анан?

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru