Айбат » “Ата мекендеги” “ата мекендик согуш”: Болот Шер партиядан кетем десе, “жаңы муунчулар” Текебаевди сызга отургузабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Ата мекендеги” “ата мекендик согуш”: Болот Шер партиядан кетем десе, “жаңы муунчулар” Текебаевди сызга отургузабы?

Болот Шер“Ата мекен” партиясынын ичинде да мандат талаш кызып, кызыл чеке мушташмайга чейин жетиптир. Баштапкы макулдашууга ылайык, Болот Шер менен Садык Шер Талас облусундагы Манас районунан 5000 добуш алууну убадалашышкан. Ошондо гана С.Шерге мандат берилмек. Турмуш жүзүндө биртууган Шерлер аталган райондон араң 3000 добуш жыйнашыптыр. Мындан улам, партия лидери Өмүрбек Текебаев: “Убадага туралы, С.Шер тизмеден чыксын. Анын ордуна Абдимуктар Маматовду киргизем” таризинде айтса, Болот Шер: “Эгер сен антсең, мен партиядан чыгам” деп жооп кайтарганы бизге чейин угулду. Муну уккан Текебаевдин мээси тегеренип турган чагы. Болот Шердей ишенимдүү адамынан айрылыш оңойбу анан?! Анын үстүнө, жакында эле Асия Сасыкбаева, Жоомарт Оторбаев сыяктуу партиялаштарын оюндан четтеткени белгилүү.

Өмүрбек Чиркеш уулу үчүн дагы бир баш оору – “Жаңы муун” кыймылынын Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, А.Бузурманкулов сындуу өкүлдөрү болчудай. Алар дагы Текебаевден кызмат сурап, эгер бербесе анын абийирин айрандай төгөбүз деп ачык коркутууга өтүптүр. Бир жагынан Болот Шер, экинчи жагынан “жаңы муунчулар”, алар жетпей аткансып эми “Улуттар Биримдигинин” мүчөлөрү чабуулга өтсө, Өмүкенин “талпагы ташка жайылбайбы”, ыя?

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru