Айбат » Айнура Усупбекова, “Таза Шайлоо” ассоциациясынын башчысы: “Тизмени аныктоо партиянын ички иши”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айнура Усупбекова, “Таза Шайлоо” ассоциациясынын башчысы: “Тизмени аныктоо партиянын ички иши”

Айнура Усупбекова“Таза Шайлоо” ассоциациясынын башчысы Айнура Усупбекова “Республика – Ата Журт” партиясынын тизмесинин айланасындагы чатак боюнча оюн билдирип, акыркы тизмени аныктоо партиянын ички иши экенин айтты. “Чатак БШКнын чечиминен кийин башталды. Негизи партиянын ичиндеги талаш-тартыштуу маселени ич ара чечишип, андан соң гана БШКга документ же акыркы тизмени тапшырган туура. Ал эми БШК кайсы бир талапкерлердин тизмеден баш тартканы боюнча ошол документти колдойт же колдобойт. Тилекке каршы, БШК шайлоо боюнча мыйзамдын “талапкер өз арызы менен тизмеден баш тартат” деген пунктуна таянып чечим чыгарды. Бул проблема биринчи эле жаралып жаткан жок. Бул жерде партиянын ички маселесин БШК менен сот чечип жатат. Бүгүнкү күндө кээ бир партиялар бизнеске ылайыкташылып түзүлгөн”, – дейт ал.

Ошондой эле А.Усупбекова аталган маселеде моралдык жагы калып калганын белгилейт. “БШК бул талапкерлердин да оюн угуп, соттук териштирүүлөргө жеткирбөөгө, маселени кантип чечүү боюнча өз кеңештерин берсе болмок. Негизи эле тизмени тактоо, акыркы тизмени БШКга берүү жана мандат тагына тургандарды аныктоо партия ичиндеги маселе”, – дейт ал.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru