Айбат » Калдарбек Абдраманов: “Арам жолдор менен депутат болсо, эмне маселени чечишет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Калдарбек Абдраманов: “Арам жолдор менен депутат болсо, эмне маселени чечишет”

ата мекен- Калдарбек мырза, эмне себептен Ата Мекен партиясына нааразы болуп жатасыз?

– Жогорку Кеңешке барсам, медицинанын акыбалын оңдоого чоңураак салым кошо алаар бекенмин деген ниетте, 1997-жылдан бери мүчө болуп келаткан, мен үчүн эң таза, эң адилет, Ата Мекен партиясынын тизмесинде мен да шайлоого аттангам. Ак эмгек менен, чын дилден эл алдында үгүт иштерин жүргүзүп, мага расмий бөлүнүп берилген аймактардан (Акман, Бешик жон, Кеңеш жана Шайдан – 28098 шайлоочу) 3990 добуш алдым. Ата-Мекен партиясынан аттанган Жалал-Абаддан эле эмес, бардык талапкерлердин ичинен биринчи болгондой болдум! Бирок, депутат коллегам Сайдилла Нышанов, расмий талапкерлердин ортосундагы келишимди, аймак бөлүштүрүүнүн партия белгилеген негизги принциптерин тебелеп, жигиттик сөзүн бузуп, өзүнө бөлүнгөн аймактан (29374 шайлоочу) араң 3581 добуш алса да, эми депутат кылбасаңар өлүп алам деп коркутуп турган чагы! Ал чоң “эрдик ” жасап, өзүнө тиешеси жок Арал аймагынан (3890 шайлоочу) түшкөн 377 добушту жана биздин үчүнчү талапкерибиз Салахиддин Жамаловго тиешелүү (Базаркоргон аймагы) болгон, бирок ал жерде мен өзүм үгүт иштерин жүргүзгөн «Беш бадам» участкасынан (661 шайлоочу) түшкөн 96 добушту “уурдады”! Ал өзү, ошол жактарга бир жолу бут басып барбай туруп, “балит” жолдор менен шайлоо бүткөндө, алгачкы жыйынтык чыккандан кийин, областтык координатор Алмаз Мустапакулов экөө, ич ара, “задним числом”, башка эки талапкердин, райондук координатордун, партиянын райондук штаб жетекчисинин макулдугу, жогорку жетекчиликтин расмий уруксаты жок эле, мурда түзүлгөн, бардык талапкерлер менен болгон макулдашуу документтерин танып, өзүм билемдик менен, жашыруун жаңы келишим токуй коюшуп, менин бешене терим менен топтолгон добуштарды жана Салахиддин Жамаловко тиешелүү Кеңеш, Жаңы турмуш участокторунун добуштарын өзүнө кошуп 4243 деп жаздырып, жетекчилике маалымат жеткизип “ынандырды”!

Кызыгы, 2-3 күндөн кийин эмнегедир Арал округу жана Беш бадам участогунун добуштары эле жетиштүү болот деп бирөө акыл үйрөткөнбү, айтор берки эки участогу жок Арал жана Беш бадам участокторун калтырып, жалган келишимди кайра өзгөртө салышты. Ошентип, шайлоочуларынын санын каалагандай өзгөрүп 33264 жеткизет да жалпы добуштарын 4068 ге кайра түшүрүп токтошту!

Атакемен айрылып аза күтүп, шайлоо күндөрү үйдө отурганымдан пайдаланган партиялашым ушундай балит жол менен өзүнө добуш кошуп отуруп меникинен 78 добушка ашырып, Жалал-Абад областынан мага тиешелүү мандатка “өлсөм да депутат болом” деп ээлик кылууда! Минтип өлүп-тирилбей эле, жаш балдардай калп айтып алдабай эле, мага келип жигитче түшүндүрсө болмок. Аке, мандатты мен алайын, добуштарды мага бериңиз, депутаттык мага “өлө” керек, ансыз менин бизнесим, жашоом токтойт, мага тозок башталат деп суранса, мен туура кабыл алмакмын, өзүм топтогон добуштарды деле ага бермекмин, элиме да жетекчилерге да түшүндүрмөкмүн! Бир адамды тозоко түртпөй эле мен мандатымды бере салмакмын!  Мени эми кабатырланткан, түйшөлткөн башка нерселер! Эми ушундай жана башка арам жолдор менен депутат болсо, анан ал “жигиттер” Жогорку Кеңеште эмне масалени чечишет жана кандай чечишет!? Ата Мекен партиясына, Кыргызстан элине кандай аброй алып келет!?

Албетте, ушулардын барын ийне жибине чейин чубап айтпай деле койсом болмок. Бирок, анда мен, мага ишенип добуш берген 4 миң базаркоргондук жердештеримдин, Кыргызстан боюнча мага ишенип Ата Мекен партиясына добуш берген, мүмкүн он миңдеген медицина кызматкерлеринин, сыркоо адамдардын жана катардагы жарандардын ишенимин, добушун саткан болоор элем!

Мен ага бара албадым, ондогон, жүздөгөн партиялаштардан, мени менен чогуу иштеген күбөлөр билген чындыкты жашырбай ортого салгым келди! Ошондуктан, Платон, “Сократ мне друг, но истина дороже”, – деп айткандай, тууган болсок да, жердеш болсок да, партиялаш болсок да, көңүл ооруп калат деп, эч кимден чыркыраган чындыкты жашырбашыбыз керек деп ойлойм! Себеби, чындыктан эч качан жүрөк оорубайт!!!

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. luiza:

    Кыргызстандын медицинасынын бугунку жузу, ар-намысы болгон бул инсандын алган добушун пайдаланып депутат болгон адамдын жолу болоор бекен!?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru