Айбат » Бийлик таза шайлоо өткөргөнү менен партиялар “иттик” кылып койду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бийлик таза шайлоо өткөргөнү менен партиялар “иттик” кылып койду

шайлооОшентип көптөн күткөн парламенттик шайлоо да 4-октябрда ийгиликтүү аяктап, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ызы-чуусу жок добуш берүү аяктады. Ар бир парламенттик же президенттик шайлоодон кийин Бишкектин борбордук аянтында, же жер-жерлерде митинг өтүп, добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгондор жол тосууга чейин барса, бул жолку шайлоонун таза өтүшү мындай көрүнүштөргө жол берген жок.

Албетте, бийлик таза шайлоо өткөрүү боюнча убадасына бек туруп, канчалык сындалса да биометриканы ийгиликтүү колдонду. Чындыгында биометрикалык маалыматтардын негизинде гана “бир шайлоочу – бир добуш” принцибин президент Алмазбек Атамбаев жактап, аны ишке ашырууга бар күчүн жумшады. Албетте, акыбети жаман болгон жок. Керек болсо Европадан келген айрым байкоочулар деле биздеги жаңы технология менен өткөн шайлоого суктанганын жашырган жок. Президент шайлоого көз салган эл аралык байкоочуларды 5-октябрда кабыл алып жатып, Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүү кыялы ишке ашканын жашырган жок. Өлкө башчысы көптөгөн адамдардын добушун сатканы, ал эми айрым партиялар ал добуштарды сатып алганы шайлоо ишине көлөкө түшүргөнүн билдирди. “Бирок муну күчкө салып жое албай экенсиң, бул жагдай өлкөдө жарандык коомдун калыптануусуна байланыштуу болот экен”, – деди Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчысы  Кыргызстанда жарандык коом ыкчам өнүгүп  жаткандыгын эске алганда кийинки шайлоолордо аталган терс көрүнүштөр жоюлаарына ишенимин билдирди. “Шайлоочулардын добушун сатып алуу – өлкөбүздүн өткөндөн калган “мурасы”. Ал кезде өлкөнү авторитардык режим жана уурулар башкарып турган. Бул  көрүнүш убактылуу, мен буга бөркүмдөй ишенем”, – деди Президент.

Кыргызстандык эксперттер жана талдоочулар өлкө тарыхында биринчи жолу таза жана тынч шайлоо өткөнүн белгилеп, президент мындай аракети менен тарыхта каларын билдирди.

Ал эми эң өкүндүргөнү жарандарыбыздын добуштарын акчага сатканы болду. Шайлоо жакындаганда президенттен баштап диний аалымдарга чейин добуш сатуу чакырыгына карабастан, ар бир добуш миң сомдон 9 миң сомго чейин бааланды. Чындыгында, бул шайлоодо акчанын ролу ойнобогондо айрым капчыктуу бизнесмендерден түзүлгөн партиялар парламентке өтмөк эмес.

Эми болсо партиялар ичинде өз ара мандат талашуу курчуп, опогейине жетти. Шайлоо астында үгүт иштери кызуу жүрүп жатканда “Республика – Ата Журт” партиясынын теңтөрагалары Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев өз талапкерлерин каргантып, шайлоодон кийин добуш топтой албай алгандарын көчүккө тебүүнүн укмуш жолун колдонгону кабарланган. Алар өз партиялаштарын: “Партиянын саясый кеңешинин чечимине баш ийбесек Кудай урсун, балдарыбыздын жакшылыгын көрбөй калалы” деп каргантып, Кудайды аралаштырган эле. Эми ошонун кесепетин эми тартып атышат.

Булардын мындай антташкан аракети юридикалык негизде чечилмей болуп калды. Анткени, кээ бир касам ичкен талапкерлер, анттан тайып, Кудайды аралаштырган анты юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып, мандат талашып БШКнын эшигине чейин барды.

“Республика – Ата журттун” ондон ашуун талапкеринин Биринчи Май райондук сотуна кайрылды эле аталган сот алардын арызын канааттандырган жок. Эми болсо бул партиянын тизмесинде 20-сапта турган Аида Исмаилова Жогорку Сотко кайрылып жатат. Аны болсо партия сотко берүүдө. Кыскасы Кудайды аралаштырган бул партияны Кудай урду окшойт. Алардын айнынан жаңы шайланган парламенттин иши бир жумага кечеңдеп, мандат тагынууну эңсеп тургандарды кыжаалат кылууда.

Канткен күндө да кыргыз бийлиги таза шайлоо өткөрүп өз милдетин так аткарды. Эми тизме же мандат бөлүштүрүү ар бир партиянын ички иши. БШК төрагасы Т.Абдураимов айткандай ич ара бири-бирин өлтүрсө да, атышса да тизмени тактап, анан гана сунуштаса. Бири-бирине ишенбеген, Кудайдан да коркпогон бул партиянын өкүлдөрү мандат албай жатып ушундай чыр чыгарып жатат, кокус парламентке барып калса анда эмне болорун элестете бергиле.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru