Айбат » Ашырбаев Канатбек Ыбышевич, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орунбасары: «Кышка даярдыктар жакшы, көмүр жетиштүү»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Ашырбаев Канатбек Ыбышевич, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орунбасары: «Кышка даярдыктар жакшы, көмүр жетиштүү»

Ашырбаев КанатбекБыйыл кыш суук болот, деп жатышат. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орунбасары Ашырбаев Канатбек мырза менен ишкананын кышкыга даярдыктары туурасында маектештик.

- Канатбек мырза, кышкыга даярдыктар кандай болуп жатат?

– Быйылкы күз-кыш мезгилине Бишкек жылуулук борборуна 1 миллион 450 миң тонна көмүр камдалыш керек. Анын ичинен 940 миң тонна Казактын көмүрү 450 миң тонна Жумгалдан ташылып келиши керек. Казактын көмүрү боюнча тендер өтүп бүткөн. Ал боюнча казак көмүрү келип ТЭЦке түшүп атат. Биздин көмүр боюнча тендер 20-августта болуп өттү. Анын жыйынтыгы чыгып 12-октябрда клеишимге кол коюлуп, «Кыргызкөмүр» ишканасы тендерден утуп алды. Негизи эле көмүр тармагында жалгыз гана «Кыргызкөмүр» деген мамлекеттик ишкана бар. Калганынын баары жеке менчик ишканалар. Көмүрдү ТЭЦке ташыганда 14 ишкана чогуу биригип ташыйт.

- Көмүрдү качан тартып башташат?

– Биз ишканалар ичинде буга чейин бөлүшүп бүткөнбүз. Көмүр коюла баштаганда пландар корректировка болуп турат. Кээ бириники техникасы бузулуп ташый албай калган учурда башка ишканалар да жардамга келишет. Тендер кечирээк бүткөндүгүнө байланыштуу нааразычылык болуп жатат. Тендер эртерээк жайында өтүп, жайында жыйынтык чыкса, биз жай мезгилинде эле көмүрдү ташыганга жакшы мүмкүнчүлүгүбүз болмок. Көмүрдү ташып, акчасын алганга да мүмүкүнчүлүгүбүз болот эле. Ал эми, азыр тендер эми бүтүп 12-октябрда кол коюлду, ошол себептен эми акчасын койгондон кийин акчасын алып жумушка чыгышат. Бишкек жылуулук борборунда учурда модернизация жүрүп жатпайбы, от жаккан казандары алмашып, Өкмөттүн тапшырмасы менен 2017-жылы Казактын импорт көмүрүнөн толук баш тартып, жалаң өзүбүздүн кыргыз көмүргө өтөлү  деген максатта жасалып атат. Ошондо 2017-жылга  өзүбүз да даяр болушубуз керек. 1 миллиондон ашык көлөмдү ТЭЦке ташып, андан сырткары башка калкыбызды бюджеттик мекемелерди камсыз кылганга жетишишибиз керек.

- Кыргызкөмүр буга чейин 2013- 2014-жылдары Кара-Кечеден көмүрдү канча пайыз ташый алдыңыздар эле?

– Көмүр ташуу боюнча биздин ишкана буга чейин анын көрсөткүчтөрү өтө эле төмөн болчу. Жылда эле ызы-чуулар көп болчу. Атышып, мушташып ж.б. Кээ бир учурларда көмүр адамдарды басып калып… Ал жерде кадр маселеси туура эмес жана аякта тартип жок болчу. 2014-жылдын башынан тартып, мамлекеттик ишкананы реформалоого киришкенбиз. Эң алгач ишкананын жумушчуларынан жетекчилерине чейин аттестациядан өткөрүп, жөндөмү жоктор иштен кетишти. Жаңы кадрларды алдык, ал жакка темирдей тартипти орноттук. Ошонун негизинде, азыр ишкана бутуна туруп келе жатат деп айтсак болот. 2014-жылы февраль айында ишкананын карызы 116 миллион болчу. Өзүнүн бир да техникасы жок, банктагы эсептеринин баары арестте турат. Карызын доолагандардын баары сотко берип атып арест коюп салган.  Жумушчулар 2 жылдан бери айлык албай жүрүшүптүр. Эми ошонун баарын былтыртан иштеп баштап, жылдын аягына келгенде 83 миллион карызын жаптык. Салыкты жылдын аягында толук жаап чыкканбыз. Өкмөттүн буйругу менен пайыссыз 50 миллион суда алдык. Ага эксковатор, бульдозер, погрузчиктерди сатпы алдык. Азыркы күнү ишкана тарткан көмүрдүн көлөмүн көбөйтүп келе жатат. 2013-жылы көмүрдүн 63 миң тонна казган болсо, 2014-жылы 125 миң тонна болду. Быйылкы көрсөткүчтү алсак. Сатылган көмүрдүн көлөмү быйыл 93 миң тонна болду, учурда Кара-Кече көмүр кенинин складында азыр 60 миң тонна майда көмүрүбүз турат. Ал Бишкек жылуулук борборуна кое турган көмүр. Биз деле буга чейин тендер бүтпөгөндүктөн ташый албай турганбыз. Азыркыга чейин 3 миң тонна киргиздик.

- Кыргызстан боюнча канча көмүр казган ишкана бар?

– Госгеологиянын маалыматына карасак, көмүр казууга 177 ишканага лицензия берилиптир. Мунун көбүнчөсү, көмүр казып чыгарганга. Кээ бирине лицензия изилдөөгө берилиптир. Ал ишканалардын канчасы иштеп, канчасы иштеген жок боюнча бизде так маалымат жок. «Кыргызкөмүргө» караган кабак бассейнинде Кара-Кече көмүр кенинде 4 ишкана иштейт.  Анын бири биздин ишкананын Кара -Кече филиалы. Жумгалды кабак көмүр бассейни деп коет. Анын ичинде 4 жерде көмүр чыгат. Кара-Кеченин ичинде 4 ишкана иштейт. Ал ишканалардын бирөө гана мамлекеттик ишкана, калганы менчикке өтүп кеткен.

- Көмүрдүн баасын ким аныктайт? Быйылкы көмүрдүн баасы канча сомго баалынып жатат?

– Биздин ишкананын көмүр баасын антимонополдук агенттик бекитип берет. Ошондой эле, дагы 2-3 ишкана да бар. Алардын баасын да антимонополдук агенттик карайт. Калгандарыныкы болсо, базар баасы менен сата берет. Биздики 2 жылдан бери көмүргө болгон баа өзгөргөн жок. Майда көмүрдүн баасы 1200 сомдон, кесек көмүрдүн баасы 1300 сомдон. Бул Кара-Кече көмүр кенинен сатылганы. Бишкекке келгени машинелер менчик болгондуктан, ташыган акысына тоннасына 1300-1500 сомдон алышат. Ошондо Бишкеке келген көмүрдүн баасы 2700-2800 сом болот. Алып сатаарлар болсо 3300-3500 сомдон сатып жатышат. Биздин ишкана борбордук участоктон казып алат. Анын көмүрүн элдер жакшы алат. Себеби, мешке жакшы күйөт. Жаныбыздагы ишканалардагы көмүр даяр турса дагы, бизге машине келип алат. Аларга жүктөп кетиребиз.

- Быйыл ТЭЦти кайсы маалда көмүр менен камсыз кылып бүтө аласыздар?

– Ар айда 75 миң тоннадан киргизип турушубуз керек. Азыр октябрь ичине кечигип жатабыз. Анын бир себеби, тендердин кеч өткөнү. Кара-Кече көмүр кенинде 60 миң тоннадай турат. Аны бул жака ташып келгенге  каражат керек. Ташуучуларга акча төлөй албай калабыз. Былтыр 500 миңди графиктен эрте бүтүргөнбүз. Февралдын башында 350 миң тоннаны ташып бүткөнбүз. 150 миң тонна кошумча көлөм берди. Аны да бат эле ташыдык. 450 миң тоннаны мөөнөтүнө жеткизбей ташып келип бере алабыз. Көмүр жетиштүү.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru