Айбат » Турдакун Усубалиевичтин кыркылыгы өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Турдакун Усубалиевичтин кыркылыгы өттү

Турдакун УсубалиевӨткөн жума күнү Ала-Тоо ресторанында маркум Турдакун Усубалиевдин кыркылыгы өттү. Турдакын Усубалиевичтин уул-кыздары, тууган-уруктары, Соцфонддун төрагасы Мухамбеткалый Абылгазиев башында туруп, 7 облустун ыйгарымдуу өкүлдөрү, ар бир райондун акимдери орунбасарлары менен, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, жердештери, кесиптештери, замандаштары, Өкмөт башчысы Темир Сариев, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын жоон тобу, Асылбек Жээнбековдор келип куран окуп кетишти. Турдакун Усубалиевич менен чогуу иштеген замандаштары Оштон бери келип, Турдакун Усубалиевичтин Кыргыз Республикасын чейрек кылым башкарган эмгегин баалап сөз сүйлөштү. Биринчи сөздү Корчубек Акназаров алып, Усубалиев менен иштешкенине сыймыктанаарын, анын кылган эмгектери ар дайым элдин эсинде калаарын айтып көзүнө жаш алды. «Кочкор ынтымак» коомунун мүчөлөрү Дүйшөн Ирсалиев, Мухамбеткалый Абылгазиев, Ишенбеков Урмат,  Шамшыбек Медетбеков жана уюштуруу комитетине Турдакун Усубалиевичтин эмгектерин дагы бир жолу баалап жана куран окутуу аземин уюштуруп койгондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз.  Бирок, убагында Турдакун Усубалиевичтин оту менен кирип, күлү менен чыккандарды бул жерден көрө албадык.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru