Айбат » Бейөкмөтчүлөр кылмышкерлердин, жанкечтилердин укугун коргогонду демократия деп түшүнөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бейөкмөтчүлөр кылмышкерлердин, жанкечтилердин укугун коргогонду демократия деп түшүнөбү?

Эдил Абдрахманов12-октябрда №50 катуу кайтаруудагы абак жайынан 3 адамды өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылып (кийинчерээк ал да каза болду) качып кеткен 9 кылмышкердин окуясы Кыргызстанда чоң чуу жаратты. Мунун айынан ондон ашуун чиедей жаш балдар жетим калып, бир нече аялдар жесир калды. Албетте, мындай өкүнүчтүү окуя жакшылык менен аяктаган жок.

Түрмөдөн жаңы эле качып чыккан 9 кылмышкердин бешөөсү көп өтпөй эле колго түшкөн. Бирок калган төртөөсү укук коргоо органдарын бир топ түйшүккө салды. Карматпай качкандардын экөөсү кармоо учурда атып өлтүрүлсө, дагы бири жардар болуп колго түшүп берди. Эми жалгыз гана Алтынбек Итибаев аттуу кылмышкер боштондукта качып жүрөт.

Качып баратып колго түшкөндөрдүн үчөөсү түрмөдө жатып ар кандай себептерден улам кайтыш болду. Тиешелүү органдардын кебине ишенсек, экөөсү жүрөк оорудан эс учун жоготсо, дагы биринин мээсине кан куюлуп кеткен. Эми болсо дал ушул кылмышкерлерди чет элден каржыланган айрым өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү коргоп чыкты. Алардын кебине кулак салсаң мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы кылмышкерлерге аеосуз мамиле жасап, тепкилеп эле өлтүрүп койгон экен. Укук коргоочулардын мындай билдирүүсүнөн кийин Башкы прокуратура бул окуяны иликтеп баштады. Албетте, аталган кылмышкерлер чындап ур-тепкиден мерт кетсе күнөөлүү тарап жооп берет. Бирок, мындай айыптоолорду тергөө иши гана далилдейт.

Албетте, адам өмүрү эң кымбат экени талашсыз. Билсек, дал ушул кылмышкерлердин айынан 4 күч кызматкери бейажал өлүп, алардын балдары, жакындары сыздап калды. Алардын көз жашын эмне үчүн укук коргоочулар ойлобойт. Мүмкүн күч кызматкерлери деле кесиптештеринин тагдырын ойлоп бул кылмышкерлерге катаал мамиле жасап жаткандыр.

Дал ушул укук коргоочуларды каржылап келген АКШ, Европа сыяктуу мамлекеттерде кылмышкерлерге эмес жөнөкөй жарандарга күч кызматтары кандай мамиле жасаганын жакшы билебиз. Мисалы, АКШда полицияга бычак менен кол салууну кой, ал сүйлөп жатканда колуңдүу чөнтөккө салсаң, же ашыкча кыймыл-аракет жасасаң деле ит аткандай атып таштайт. Укук коргоочуларда кайсы бир маселе боюнча өз оюн айтууда алды-артын карап, башка мамлекеттер менен бизди салыштырып алса болмок.

Ушул жайда Бишкектин чак ортосунда жана шаар четинде Айт намазында ири жардырууларды уюштурууну көксөгөн террористтер тобу кармалган. №50 абак жайдан качкандардын арасында дал ушул окуяга тиешеси барлары да бар. Албетте, кылмышкер кылмышкер бойдон калат. Аларды атайын жайда камап, же жок кылбаса коомго өтө чоң кесепеттерди алып келет. Эгер Айт намазында 10 миңдеген адамдар аянтта айт намазын окуп жатканда кылмышкерлердин кыңыр аракети ишке ашып калганда канча кан төгүлмөк.

Ар бир мамлекеттин Конституциясы, өзүнүн мыйзамдары бар. Кылмыш кылган жарандар жасалган ишине карата өз жазасын ала берет. Ал эми укук коргоочулар айтып жаткан кылмышкерлердин укугу бузулса аны коргоп, окуяны иликтей турган атайын мамлекеттик органдар бар.

Айрым учурларда бейөкмөтчүлөрдүн мамлекеттин ички ишине кийлигишип, эптеп чыр чыгарууга, өлкөдө бүлүк салууга эки көзү төрт болуп турат. Канткен күндө да биз алардын мындай чагымчылдыгына алдырбай, ишибизди алдыга жылдыра беришибиз керек. Эгер күч органдары ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып түрмөдө жаткандарды сабап өлтүрсө, же кармоо учурунда атайын эле ит аткандай атып таштаса аны иликтей турган органдар бар. Ошондуктан бейөкмөт уюмдары бир аз мамлекетти да ойлоп, мыйзамдуулукту сыйлаганы оң.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru