Айбат » Жолборс Жоробеков, саясат таануучу: “Бейөкмөт уюмдарды каржылаган АКШда колуңду чөнтөккө салсаң да атып таштайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жолборс Жоробеков, саясат таануучу: “Бейөкмөт уюмдарды каржылаган АКШда колуңду чөнтөккө салсаң да атып таштайт”

Жолборс Жоробеков- Жолборс мырза, айрым укук коргоочулар түрмөдөн качкан кылмышкерлердин каза болуп жатышын сындап, бийликти айыптап чыкты. Сиз укук коргоочулардын мындай сынына кошуласызбы?

– Негизи эле муну Токтайым Үмөлатилевага окшогон укук коргоочулар айтып жатат. Чындыгында ал А.Акаевдин убагынан бери эле 3-4 саясатчыга каршы чыгып, эмне болсо эле ошолорго шылтап көнүп алган. Бир четинен өкмөттүк эмес уюмдарды да туура түшүнсө болот. Анткени алар чет элден келген акчаларын ушундай кылмышкерлердин, сексуалдык мандеми барлар сыяктуулардын укугун коргоо менен отчёт берет.

- Эдил Байсалов болсо кылмышкерлерди атпай эле кармаса боло турганын айтып, күч кызматтарын сындоодо. Буга кандай карайсыз?

– Ошол эле Э.Байсалов сыяктууларды колдогон АКШда полиция жанындагы адамды колуна чөнтөгүнө салганы үчүн эле атып таштап жатпайбы. Бир нерсени салыштырганда өздөрү туу туткан мамлекеттердеги көрүнүштөрдү да эске алуу керек да. Албетте, адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Күч кызматында иштеп аталган кылмышкерлердин колунан каза тапкандардын канчалаган балдары жетим калды. Т.Үмөталиев болсо “ашкана бычагы да курал беле” деп жатат. Керек болсо Батыш мамлекеттеринде ашкана бычагы эмес ашыкча кыймыл кылса деле кылмышкерлерди атып таштайт.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru