Айбат » Талибдер Ооганстандын Туркменистан менен чектешкен Гормач уездин басып алышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Талибдер Ооганстандын Туркменистан менен чектешкен Гормач уездин басып алышты

террактУзаган дем алыш күнү Фарьяб провинциясынын Түркменистан менен чектешкен Гормач уезди талибдердин карамагына өттү. «Азатлык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарлашынча, акыркы беш күндө Гормач согушкерлерге өткөн 2-уезд болуп калды.

Өткөн жумада согушкерлер Туркменистан менен чектешкен Хамьябды басып алышкан.

Фарьяб провинциясынын мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Сейид Абдулбакы Хашиминин айтымында, согушкерлердин Гормачка жасаган чабуулу беш күн мурда башталган, бул убакытта согушкерлер уезддин административдик борборун басып алууга үлгүргөн.

Фарьяб провинциясынын губернаторунун милдетин аткаруучу Мухаммад Аслым Гудаз радиого курган маегинде Гормач уездинин администрациясынын имараты согушкерлер тарабынан өрттөлүп, жергиликтүү милиция бөлүмүнүн имараты басылып алынганын тастыктады. Анын айтымында, өкмөттүк күчтөр артка чегинген, бирок жакынкы күндөрү Гормачты согушкерлерден бошотууга ниеттенүүдө. Ал үчүн, Грмачка кошумча күч жөнөтүлүшү керектигин баса белгиледи.

Фарьяб провинциясынын полициясынын начальниги Берял Перваниге таянган басылма согушкерлер ооган чек ара бекеттерин басып алып, Туркменистан менен чектешкен аймакка чыгышканын маалымдады.

Анын айтымында, Түркменистан менен чектешкен бардык провинциянын райондорунда абал курч. Жаңы аймактарды, анын ичинде Майман шаарынын борбордук административдик аймагын басып алуу коркунучу дале күчүндө. “Азатлыктын” кабарлашынча, Кундуз шаарына жасалган ийгиликтүү чабуулдан кийин, талибдер Фарьяб шаарын басып алууга баардык күчүн жумшоого багыттаган. Алар эки жумага созулган согуштан кийин үч уезди көзөмөлдөөгө жетишишти. Фарьяб провинциясынын мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Сейид Абдулбакы Хашиминин айтымында, Гормачты басып алган соң согушкерлер оогандык өкмөттүн аскердик борборуна чабуул жасашкан. Бул чабуулдун жыйынтыгында жүздөгөн ооган армиясынын жоокерлери курчоодо калышкан. “Эгер өз убагында контраракеттерди көрбөсөк, Фарьябдагы учурдагы кырдаал гуманитардык трагедияга айланышы ыктымал”, – деди Хашими.

19-октябрда, Андхой шаарынын административдик борборунда орун алган теракттын кесепетинен 5 адам набыт кетип, 20га чукулу ар кыл деңгээлде жаракатка тушугушту. Шейит кеткендер жана жараат алгандар карапайым жарандар эле. Радионун маалымдашынча, теракт этникалык түркмөндөрдүн командири Мухаммед Гулхажиге багытталып, ал жеңил жараат алган.

Мурдараак “Азатлык” радиосу Жаузжан провинциясындагы Хамьяб уездинин согушчандар тарабынан басылып алынганын кабарлаган эле. Акыркы маалыматка ылайык, Хамьяб талап-тоноочулукка тушукту.

Булак: CA-NEWS

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru