Айбат » Үсөн Асанов, Академик, профессор, химия илимдеринин доктору: “Раззаков мекен үчүн иштеген адам болчу”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Үсөн Асанов, Академик, профессор, химия илимдеринин доктору: “Раззаков мекен үчүн иштеген адам болчу”

Исхак РаззаковЖаңыдан канат байлап, илим билимге канат кагарда улуу кишилердин колдоо көрсөткөнү бул алдыдагы жашоого дем күч берип, талпынып учууга багыт көрсөтөт эмеспи. Мына ушул жолду басып өткөн академик, профессор, химия илимдеринин доктору Үсөн Асанов өзүнүн бул жашоодо ордун табууга дем  берген Искак Раззаков жөнүндө эскерүүсү

Тагдыр деген маңыздуу
сөз экен

Менин тагдырым көп жактан түрдүү окуяларга күбө  болгондугуна мен абдан сүйүнөм.  Мен  өзүм бала чагымда  Теңир тоодо өскөм, керек болсо Долонду ашып да көргөн эмесмин. Ошентип  1950-жылы  Нарындагы Токтогул атындагы мектепти бүтүрдүм. Мен окуп жүргөндө орус тилин окуган эмеспиз, орус тилин билбегендиктен атам Чкалов мектебине эмес Токтогул атындагы мектепке окутуп койду, анда ал интернат болчу. Ошол интернат азыркы учурда  өз алдынча бөлүнүп чыгып академик Асанов атындагы лицей мектеп деп аталат.  Быйыл 4 жылдыгын белгилейбиз деп ошол лицей мектептин мүдүрү  мага кабарлады. Ошол мезгилде биринчи жолу алтын медалга татыктуу деп математик мугалимим  айтканда мен айткам “мен орус тилин 3кө да билбейм” деп. Алтын медалга татыктуу болуш үчүн бардыгы 5 болуш керек эле.  Садыков Сейтек деген агайым аракет кылып атып мени алтын медалдын ээси кылды. Бул алтын медалдын пайдасы Советтер Союз кезинде тандаган окуу жайга экзаменсиз кирет экенсиң. Мен Москвага геолог  разветчикке барайын деп жатканда экзаменге катышып отурган Менделеев атындагы институттан келген профессор мени “Менделеев атындагы институтка келбейсиңби,  Кыргызстанда химия боюнча адис жок, сен өсүшүүң  керек”  деп мага айтканда эми профессор айтып жатса барбай койбоюн деп макулдугумду бердим. Ошентип Менделеев атындагы институтун студенти болуп калдым.   Ал окуу жайга барганда кыйналып, кысталып окуп жүрдүм.

Үсөн АсановБул менин өзүмдүн айлыгымдан, өкмөттүн акчасынан бергеним жок

1953-жылы 3- курска барып калдык. Москвада биздин элчилигибиз бар болчу, ал жактан  биз жолугуп бири-бирибиздин ал- абалыбызды сурашып, акча жок кыйналып жаткандарга акча да берип турчу.  Бир күнү эле институттун секретары “ Жолдош Асанов сиз элчиликке барыңыз, сизди издеп чакырып жатат” дейт эмне болуп кетти деп  кыргыз элчилиги  Кызыл Октябрь Революция метросунун жанында эле . Казанкапов деген  казак киши студенттерди башкарчу, ал киши менен андан мурун бир, эки жолу жолуккам . Ага  барсам ал мага казакча кайрылып “шырагым,  сен каякта журесиң, сен Асанов Усенсиңби?” дегенде мен ага “ооба” десем “  ой сени издеп таппай атырыбызго, сени жолдош Раззаков өзү издеп жатат” деди анан кайра орусча кайталап койду “ ты понимаешь  тебя  ищет сам Раззаков” деди анан бул эмне мен Раззаков дегенди уккан эмесмин. Анан сурадым “ А кто такой Раззаков” десем “Вот это да, и за такого идеологической отсталости двойку паставить и выгнать из института, как не знать первый секратарь Кыргызской Республики. Сталин  кем является  для  ССР, вот такой же является Раззаков для Кыргызстана” деди.  Мен уят эле болдум дедим. “эртең бул жакка саат 3кө келет,  мага “Асановду табасың да мага жолуктурасың”  деп тапшырма берген, мен сени ошон үчүн чакыргам. Азыр үйгө барасыңда эртең саат 2:30  ушул жерге келесиң- деди.  Эмне болуп кетти, эми өлдүм  деп жанымдагы Чүйлүк бала бар эле ага  Раззаков чакырып атат дейт,  Раззаков деген ким деп сурай калып, уят эле болдум  десем   ит болмок түгүл сени такыр эле окуу жайдан айдап салыш керек эле деди жанымдагы бала.  “мени эмне чакырып атаканын билбейм” десем тигил кыйын бала  “чоңдор келип студенттер менен жолугуп, саясатта очко чогултабыз дейт” дегенде мен  -анан эмне кылайын?  десем ал “ акча сура”  акчаны атам салып жатпайбы  десем ,  акча  ашып калмак беле, өкмөттөн акча бөлдүрүп берет  деди. Эртеси саат  1 де сабактан чыгып 3 кө барып Казанкаповго жолуксам ал  азыр элчи менен жолугасың  деди ал кезде  Кадыркул Качыкеев деген киши элчи  болгон.

Сени азыр Раззаков келгенче  Кадыркулга көрсөтөйүн  деп  кабинетине алып барды, кирсем ал  “сен бул жакка такыр келбейсиң, бизде малчылардын балдары үчүн  атайын  фонд бар  керек болуп калса , арыз жазсаңар акча бөлүп беребиз, сен эмнеге келбей жүрөсүң?” деди  менин атам акча салып турат десем  азыр сен Раззаковго жолугасың, ал киши фонддон акча алып жүрөсүңбү деп сурайт, жок деп айтпагың  деди  мен макул болдум.   Раззаков келди,   Качыкеевдин кабинетине кирсем, Качыкеевдин ордуна Раззаков отуруп өзү башка жерде отуруптур. Мен эшиктен кирсем эле “ Ай сен Асанов Үсөнсүңбү?” деди “ооба” десем  бас бери деди басып жанына бардым. Раззаков орто бойлуу, келбеттүү келген киши экен. “Бер кел” деп колумдан кыска кармап, Үсөн сен турбайсыңбы, мен бир кишиге убада бердим эле, мен ошону аткарайын деп жатам.   Бир жолу Нарынга акция өткөрөйүн деп бара жатканда Оттуктан өткөндөн кийин талаада бир киши мал жайып, мал багып жүргөн экен. Эми биринчи секретарь болгондон кийин, колхоздун малын көрүп машинаны токтотуп, абалын сурап, сүйлөшүп калдым. Ал киши Молдалиев Асан экен.  Мага ылдыйкы карапайым адамдардан маалымат керек эле, ал  кишиден айылдын, райондун абалын сурап,  көп нерсени билип алдым, сөзгө  кызыгып бир сааттан ашык сүйлөшүп отуруптурбуз. Анан жардамчым кечкирип кетти, бизде жыйналышыбыз бар  дегенде гана кетип баратып ал кишиден “ бала бакыра барбы” деп сурасам, ооба, үч балам бар, бирөө мектепти  бүтүп мага жардам берип жатат, бирөө мектеп окуучусу, бирөө Москвада окуйт дегенде мен чочуп Нарындан Москвага барып, кандайча болуп калды?  “Балам Долондон ашып көргөн эмес, алтын медаль алып кетти эле” -деди. Кайсы окуу жайда окуйт десем. “химика-мимика  бир деме дейт” деп чөнтөгүнөн бир барак алып чыгып  көрсөтсөсенин каттарынды катып жүрүптүр. Анан конверттердин  алдына дарек жазылат эмеспи, өзүмө алып, мен уулуңуз менен жолугам деп убада бергенмин.  Атаң мага көп маалымат берди, эми менин айтаарым, сага бере турган батам эң күчтүү окуулардын бири болгон Менделеев институтун бүтүрүп окумуштуулардын күчтүүсү бол. Бул Менделеев атындагы институтту окуп жатканыңа мен абдан кубанычтамын. Сен бул институтту бүтөрүң менен келгиниң, келериң  менен академияны ачабыз, андан кийин 1 жылдан кийин политехникалык институт ачабыз, сага окшогон мыкты мырзалар керек. Ошондуктан окууңду бүтүргөндөн кийин мага кел. Атаңа айтып кой “Раззаков келип жакшы сөздөрүн айтып кетти” деп. Чөнтөгүнөн бир конвертти алып чыгып  “ бул менин өзүмдүн айлыгымдан, өкмөттүн акчасынан бергеним жок. Менда окуп жүргөндө туугандарым келип  ашканадан тамак алып берчи, эми мен сени менен ашканага бара албайм. Досторуң менен барып тамак ичип кой. Мага суроолоруң барбы? дегенде мен конвертти алып  чөнтөгүмө салып , жок,  суроом жок  деп “Рахматымды” айттым да чыгып кеттим.  Мен Кыргызстанга келсем  Раззаковдун ордуна  Турдакун Усубалиев  секратарь болуптур.

Атам Раззаковго жолуга албай калды

Мен бир жумушка орношуп иштеп жүрүп кийин кайра 3 жылга аспирантураны окуганы Москвага барып диссертациямды жакшы жактап алып кайра өз мекениме келдим. Атам “балам кандидатты мага Раззаков айты эле, “сени улуу окумуштуу болот” деп. Сен Раззаковду таап келгиниң, мен айылга  Солтон-Сарыга барып бир  мал,  кымыз алып келейин анан той берели  дегенде,  Раззаковду тапканга аракет кылайын, аны Москвада деп жатышкан  дедим. Атам Солтон- Сарыга барып туугандарына той жазап, анан кечинде эт ашын, кымызын камдап алып жүк ташуучу машинага жүктөп Бишкекке сапар тартып келе жатканда, Кара-Кужурдан айдоочу уктап кетип машина кырсыкка учурап, атам ошол кырсыктан каза тапкан. Атам келип Раззаков менен жолугам деп жүргөн, ал киши менен да жолуга албай калды. Мен, атам келсе аны Москвага алып барып жолуктурайын деп жаткан элем.  Кийин Раззаковдун таржымалын сүрүштүрсөм, ал кишини кызматсыз калтырып Москвада майда кызматтарда иштеген экен.  Ошо менен Раззаковдун тагдыры жакшы нукка түшпөй калган экен. Анан ал кишинин сөөгү ошол Москвага көмүлүп, Акаевдин тушунда сөөгү өз мекенине алып келинбедиби.  Азыркы учурга чейин Раззаковдун мекен үчүн иштеген адам экенин элдин баары билип, барктап жүрөт.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru