Айбат » Саясатчылар ат үстүндө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Саясатчылар ат үстүндө

Кыргыз элинин тарыхына кайрыла турган болсок, жашообузду атсыз өткөрүүгө мүмкүн эмес болгон. Ат көчүп-конууда гана пайдасы тийбестен, мал кайтарууда, жоого аттанууда, ж.б. турмуш тиричиликте абдан керек болгон. Анан албетте той-топурда ат оюндары менен элибиз азыркы күнгө чейин «Ат чабыш», «Эр оодарыш», «Кыз куумай» сыяктуу оюндарыбыз укумдан-тукумга уланып келгенинин өзү эле кыргыз элинин ат жандуу эл экенинен кабар берет. Кыргызда «Ат – адамдын канаты» – деп бекеринен айтылбаса керек. Күлүк аттарды таптоодо сынчылардын, саяпкерлердин ойногон ролдору чоң. Ат канчалык күлүк болсо да, аны таптаган саяпкер начар болсо, күлүктөр байгеге эч илинген эмес. Кээде орточо эле күлүктөрдү мыкты саяпкерлер таптап, жарышта зор күлүктөрдөн чыгарып кеткен учурлар да болгон. Биз бул жолу атты өзүнүн аялынан да жакшы көргөн саясатчылар туурасында кеп кылууну туура көрдүк.

 

Роза ОтунбаеваРоза Исаковна ат сүйүүчүлөрдүн башында турат

Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти, кыргыздын кыраан айымы Роза Исаковна Отунбаеванын атты абдан сүйгөндүгү жана анын ат мингени туурасында ар ким ар кандай ойлорду жазып жүрүшөт. Спорттун кайсы түрү болбосун Роза Исаковна кызыккан түрүн мыкты өздөштүрө алат. Алыс кетпей эле веложарыш, тоо лыжасы, коньки боюнча саясатчы айымдарды бул жакка коюп, анча-мынча эркектердин алдына чыгат. Ал эми атка келе турган болсок, Роза Исаковна атка туура минип, белин түз кармап, мыкты чаптырат. Анча-мынча той-топурларга барып калганда атты чаптырганда кээ бир чабандестер Роза Исаковнанын тулпарынын чаңында гана калып калышат.

 

Камчыбек ТашиевКамчыбек Ташиев атты мыкты чаптырат

Республика-Ата-Журт партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев мырза да ат жандуу саясатчы десек болот. Бирок, ал атты Бабановчолук сүйбөсө дагы, атка мыкты минип, мыкты чаптырат. Албетте, атты жакшы чаптырбаган кыргыз жигити жок болсо керек. Ошондой болсо да, Камчыбек мырза ат үстүндө жакшы отурат.

 

Өмүрбек БабановБабановдун аргымакка болгон сүйүүсү кызматтан кулаткан

Ат таптап, багуу жагынан Өмүрбек Бабанов дагы алдына киши салдырбайт. Атты сүйүү жагынан да кыргыз саясатчылары Өмүрбек мырзадай сүйө албаса керек. Албетте, кыргыз уулу болгон соң ар бир кыргыз жигиттин балалыгы ат жалында өткөн. Өмүрбек мырза асыл тукум аттарга абдан кызыгып, жагып калган ат болсо баасынын кымбаттыгына карабай сатып ала бермейи бар. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турганда Турциядан асыл тукум аргымакты алдыра коюп, көп саясатчылар анын аргымагынын баасына нааразы болуп, премьерликтен түшкөнүнүн бир себеби да дал ушул аттарды сүйгөндүгүнөн улам болгон десек болот. Албетте, адамдын ар биринин өзүнүн кызыкчылыктары болгондой, Бабанов да аргымак сатып алуу боюнча кыргыз саясатчылардын алдыңкы жоон сабында турат. Өмүрбек мырзанын асыл тукум аргымактары ат чабыштарда алдыңкы орундарды бербей келет. Өзү социалдык тармактардан аттары менен сүрөткө түшүп, аргымактарын мактап, аларга болгон сүйүүсүн айткандан такыр тажабайт. Бул кыргыз жигитинин табигатындагы бир сапат десек болот.

 

Алтынбек СулаймановКөк бөрүчү Алтынбек Сулайманов

Алтынбек Сулайманов деген  кыргыз саясатчы жигиттеринин алдында турган, улакчы жигитибиз бар. Анын ээрге отурганын өзү эле керемет. Алтынбек мырза жаштайынан улак тартып, Көк бөрү, Ат чабыштарга түшүп жүргөн мыкты чабандес десек жаңылышпаспыз. Бала чагы ат үстүндө өткөнү саясатчынын дене түзүлүшүнөн анан анын кээ бир кыймыл аракеттеринен улам көрүнүп турат. 5-чакырылышта депутат болуп турганда аттын үстүндө албурлуу болуп жүргөнүн 1-2 жолу кээ бир депутаттардын мурдун канжалата койгонунда билинген. Анан дагы Алтынбек мырза өзү туулуп-өскөн айылына барып Көк бөрү өткөрүп турат. Көк бөрү спортун өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келе жатат.

 

Канат ИсаевАсыл тукум аргымак минген Канат Исаев

Кыргызстан партиясынын лидери Канат Исаевдин шайлоонун алдындагы үгүт иштеринде шайлоочулары менен жолугуу учурунда минген аргымагы асыл тукум аргымактарга кирет. Албетте, бул бир жагынан өзүн пиарлоо болсо, экинчи жагынан кыргыздын тарыхына кайрыла турган болсок, калкка кадыры бар эр азаматтарга аргымак мингизип келишкен. Канат мырза да атты мыкты чаптырат, ат оюндарына катышат.

 

Төрөбай ЗулпукаровАт минип тоого сейилдегенди жакшы көргөн Зулпукаров

Чыгаан саясатчы Төрөбай Зулпукаровдун да бала чагы ат менен өткөн. Азыр саясаттан колу кичине бошой калса ат минип, таза абада тоодо бастырганды жакшы көрөт.

 

Аскар СалымбековАскар Салымбековдун балалыгы ат үстүндө өткөн

Ат сүйүүчүлөрдүн жоон сабында кыргыздын футболунун өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан Аскар Мааткабылович Салымбеков да бар. Албетте, Аскар мырзанын бала кези дал ушул аттын үстүндө өтүп, атка болгон сүйүүсү ошол бала кезден калса керек. Анан өзү тоолук жигит болгондуктан, айылына барганда ат минип, тоого бастырып, табийгаттын кооздугуна суктануудан тажабайт.

 

Жогорудагы саясатчылардан сырткары Бегалы Наргозуев досу өмүрбек Суваналиев менен бош убакыт таба калып тоо-таш аралап, ат минип, кыштын суугуна карабай табийгаттын кооздугуна суктанып, аң улоого ат менен чыгып жүрүшөт. Талант Мамытов, Бакыт Төрөбаев, Садыр Жапаров, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибековдор да ат сүйүүчү саясатчыларга кирет.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru