Айбат » Нооруз Алымбаев, ырчы: “Таланттыңды эл бааласа ырыскы келет…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нооруз Алымбаев, ырчы: “Таланттыңды эл бааласа ырыскы келет…”

Нооруз АлымбаевЭл арасында шамалдын желиндей бат тарап, ар бир адамдын оозуна алынган “Көк жөтөл”, “Сагындым сени” ырларынын аткаруучусун ким гана билип, тааныбайт. Анын коңур үнү канчалаган кыздардын жүрөгүн арбап, алардын тынч жаткан сүйүү сезимин ойготуп уктаса түшүндө, турса кыялында жашаган Нооруз Алымбаев бизде конокто

-Үналгылардан көп көрүнбөй калдың катуу эмгектенип жаткан окшойсуң?

-Үналгылардан көрүнбөй калганыбыздын себеби, көп убактым жеке жашоомо бурулуп кетти. Ал эми чыгармачылык көп эмгекти жана убакытты талап кылгандыктан  азыркы учурда кайрадан чыгармачылыкка  катуу киришип күнү-түнү дебей маңдай терди агызып иштеп жаткан учурубуз.

-Ырчылыктан эмнени таптың да эмнени жоготтуң?

-Тапканым бул өзүмдүн бала кезимден бери кыялданып, түн уйкум менен чогуу жатып, таң алды күндүн нуру менен чогуу турган ырчылык  кыялымдын орундалганын айта алам. Мен ырчы болгонума эч өкүнбөйм жана ыраазымын.  Ал эми, жоготконум жөнүндө сөз кыла турган болсок. Мен бул ырчылык сапарымда эч нерсемди азырынча жогото элекмин жана келечекте да жоготкон нерсем болбосо керек. Анткени, өзүңдүн каныңа сиңип калган кыялыңа жетсең, ал кыялыңа болгон сапар жолуңдагы  оорчулук күндөр бир гана ырахат тартуулайт деп айтат элем. Кыскартып айта турган болсом кыялыңа жеткен жерде жоготуу болбойт!

-Ырчылык менен жан багууга болобу?

-Албетте, эмгектин арты ийгилик, ийгиликтин арты жемиш, жемиштин арты бул токчулук болот эмеспи. Анын сыңарындай эгер таланттың бар болуп, таланттың менен эмгектенип, ал эмгегиңди эл бааласа ырыскы келет. Ырыскы бар жерде ачка калбайсың дегендей. Бирок, биздин өлкөдөгү шоу чөйрөсүндө ырчылык менен жан багуу мүмкүнчүлүк өтө аз.  Ал эми, коңшу өлкөлөрдө ырчылык менен жан багып кетсе болот.

-Ырчылыктан башка дагы кандай өнөрлөргө ээсиң?

-“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей өзгөчө кыргыз жигити өнөрлөргө ээ болушу керек. Мен да жетимиш өнөргө ээ болбосом дагы, ырчылыктан тышкары бийге өнөрүм бар деп мактана алам. 2007-жылы Токтогул Сатылганов атындагы  филармонияда эки жылдык студияда хореография бөлүмүн окугам. Элдик классикалык бий өнөргө ээмин.

 -Келечектеги Ноорузду кандай элестетесиң?

-Келечектеги Ноорузду үй-бүлөгө кайрымдуу ата,  ата-энеме ыймандуу уул, мекениме атуулду жаран,  бир туугандарыма жана элиме калыстуу адам, күйөрмандарыма татыктуу ырчы катары элестетем.

 -Жакынкы арада күйөрмандарың кандай эмгектериңе күбө боло алышат?

-Ар бир ырчы өз күйөрмандарына татыктуу чыгарма бергиси келет. Мен да ошолордой өз күйөрмандарыма татыктуу чыгармаларымды даярдап жаткан учурум. Кудайым буюрса учуру келгенде күбө боло алышат.

-Эсте калган кызыктуу күндөрүңдөн бөлүшө кетсең….

-Негизинен, кызыктуу окуялар көп болот, өзгөчө көп жер кыдырып, көп эл кыдырган кишилерде кызыктуу күндөр көп болсо керек деп ойлойм. Менин башымдан өткөн кызыктуу күндөрдөн бир окуяны айта кетейин. Концертте көк жөтөлдү ырдап бүтүп кетейин деп жатсам, эшик жакта бир апа келип “Балам сен жөтөлүп калыпсың, сүттү ысытып сары май кошуп ич” деп кеңешин берген эле.

-Жашоодо колдонулган урааның?

-Ар бир адам жашап жаткандан кийин өзүнүн урааны болушу керек. Ураан бул сенин оор жашооңдо дем берип, алдыга карай кадам шилтегенге жөлөк, максат болуп берет. “Жашоодо болгон оорчулукту сабак катары көрүп, алдыга гана жылуу” деген ураан менен жашайм.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru