Айбат » Азамат Шералиев, ырчы: “Чыгармачылыкта жүргөнүмө билинбей 8 жылдын жүзү болуптур”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азамат Шералиев, ырчы: “Чыгармачылыкта жүргөнүмө билинбей 8 жылдын жүзү болуптур”

Азамат Шералиев«Айтчы», «Айланайын», – деген ырлары менен элге таанылып келе жаткан ырчы  Азамат Шералиев таланттуу аткаруучулардын бири.

- Ырчы болуу оңой эмес экенин билебиз. Оорчулугун кантип жеңип жатасың?

– Оңой көрүнгөнү менен негизи абдан эле оор, бирок баштагандан кийин ысык- суугуна чыдашым керек. Ушунун баарын сезип туруп аралашкам десем жаңылышпайм. Албетте, ар тараптан колдоолор болбосо да болбойт эмеспи. Буюрса оорчулуктарды жеңгенге аракет кылып жатабыз.

 – Шоу бизнесте атаандаштык, көрө албастык күч болсо керек?..

– Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жеке эле шоу чөйрөсү эмес бардык жактарда атаандашуу бар эмеспи. Ал тургай кошуналар да «булар телевизор алышыптыр, биз андан чоңураагын алалы», -деп  атаандашат… Муну биз жакшы жака өсүүгө гана колдонсок болот. Анан албетте ити чөп жеп аткан ырчылардан стимул гана алышыбыз  керек деп ойлойм.

- “Кыбыраган кыр ашат” дегендей чыгармачылыкка канчадан бери аралашып кимдер менен тил табышып жүрөсүң?

– Чыгармачылыкта жүргөнүмө билинбей 8 жылдын жүзү болуптур ошол убактарда улуу эже-агаларыбыз менен жакын тааныш болуп, көптөгөн досторду да таптым. Нурлан Насип Аваз Акимовдор менен мамилем жакшы.

- Гастролдорго чыгасыңбы?

– Өзүмдүн концертим менен чыга элекмин. Нурлан Насип Аваз Акимов жана Назира Жетигенова сыяктуу элге белгилүү инсандардын чыгармачылык кечелеринде алып баруучулук кызматын аркалап Кыргызстанды түрө кыдырып чыккам десем болот.

- Кандай темадагы ырларды элдер тез кабыл алат деп ойлойсуң?

– Адамдын жашоосу сүйүү менен байланышкандыктанбы айтор бүгүнкү күндө сүйүү темасындагы ырларды көп угуп тез кабыл алышат деп ойлойм. Ошол эле учурда бийге ылайыктуу шаңдуу ырларды тез кабыл алышат. Ал эми хит ырларды чыгарыш үчүн биринчиден талыкпаган эмгек, изденүү анан ырды туура тандоо керек.

Самара Саламатова

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru