Айбат » MegaСom кыргызстандагы билим берүүнүн өнүгүүсүн колдойт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » MegaСom кыргызстандагы билим берүүнүн өнүгүүсүн колдойт

Жумгал ӨмүркановMegaCom билим берүү чөйрөсүнө өзгөчө колдоо көрсөтүп келет. MegaCom компаниясы төрт жыл катары менен өлкөбүздүн мыкты, жаңычыл мугалимдерине сыйлык тапшырып келет. Мындай шыктандыруучу иш-чараны өткөрүү уюлдук оператор үчүн салтка айланып калгандай. Жаш жеткинчектерди мекенчилдикке тарбиялоо багытындагы сабактардын иштелмелерине жарыяланган сынактын уюштуруучуларынын-«Кут Билим» коомдук-педагогикалык жана илимий-популярдуу гезитинин жамаатынын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, алардын ысымдары аталды. Алар: Атаходжаев Зийодхон жана Сыдыков Мамыр Жалал-Абад облусунан, Абдылдабекова Дилдехан жана Козубекова Жаңыл Талас облусунан, жана да Сатыбалдиева Зуура Бишкек шаарынын өкүлү. Өз ишине чыгармачылык менен мамиле кылган мугалимдер окуучуларынын ыраазычылыгына арзышты. Окуучулар атайын даярдалган ыр-бийлерин тартуулашып, комузда кол ойнотуп жатышты.

Өз кезегинде, MegaCom компаниясынын өкүлдөрү жеңүүчүлөрдү татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, келечек муунду тарбиялоого кошуп жаткан салымынын баалуу экендигин баса белгилей кетишти. «100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон уюлдук оператор катары, MegaCom компаниясы туруктуу негизде улуттук баалуулуктардын, тилдин жана маданияттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп келет – деп, белгилей кетти өз сөзүндө MegaCom компаниясынын жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов.

MegaCom – бул жалпы кыргыз журтуна мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү менен чектелбестен, мамлекет казынасына миллиондогон салыктарды төлөп келет, иштелип табылган ар бир сомдун бюджетке түшүүсүн камсыздайт. Төлөнгөн салыктардын эсебинен пенсиялар, жөлөкпулдар, мугалимдердин, дарыгерлердин, аскер кызматкерлеринин айлык маянасы калыптанат. Алардын катарына маданият, билим берүү жаатында эмгектенген кызматкерлердин кире тургандыгы да бышык»

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru