Айбат » Андрей Грозин, россиялык эксперт: “Кыргызстан таза шайлоо өткөрүү менен кошуна өлкөлөргө чоң таасирин тийгизди”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Андрей Грозин, россиялык эксперт: “Кыргызстан таза шайлоо өткөрүү менен кошуна өлкөлөргө чоң таасирин тийгизди”

Андрей ГрозинРоссиялык эксперт Андрей Грозиндин пикиринде, акыркы парламенттик шайлоо өлкөдө өз алдынча парламенттик башкарууга мүмкүнчүлүк толук түзүлүп калганын практикада байкалганын эскертүү менен, кошуна өлкөлөргө да саясий практикалык чоң таасир берерин айтат. Россиянын КМШ өлкөлөрү Институтунун  Борбордук Азия жана Казакстан бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин парламентти келерки чакырылыштагы шайлоого чейин өтө кылдат өнүктүрүп барууга үндөйт.

Анын сөзүндө социалдык шарттар мурдагыга салыштырмалуу бир топ кеңейген. Анын негизги парламенттик башкаруу жана демократиянын принциптери жеке авторитардык бир кишинин башчылыгында башкарууга караганда бир топ жакшы экендигин далилдеди. Мындан ары парламенттик башкаруу саясатта күчтүү айланткыч милдетин аткарып, мүмкүнчүлүктөрдү толук аткарууга шарт түзөт.  Ошондой эле ар кандай пикирдеги жарандардын көзкарашын бир тараптуу өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Бул аракеттер   практикада чоң жемишин берип баштады.  Буйруса ишеним менен аткарылган аркандай иш болсо да жакшы жыйынтык берерин ишенимдүү айтты Грозин.

Андрей Грозин парламенттик шайлоодон утуп чыккан жаңы депутаттардын жаңыча ишмердүүлүгү жана президенттик-парламенттик башкаруунун жаңычылдыгы тууралуу суроолорго жооп берди.

– Азыр баары түшүнүктүү болду, парламент 6 партиядан куралат. Саясий күчтөр чачырап, майда бөлүктөргө бөлүнөт. Албетте бул бир тараптуу иш жүргүзүүгө чоң зыянын тийгизет, бирок, депутаттар аз убакытта шашылыш партияларга кызыкчылыгына карабай бириккендиктен кайра бөлүнүүлөр, фракциядан чыгып башкаларга кошулуу күчөйт. Мурда 5 фракция болсо, азыр андан көп. Саясий иш- чаралардын чечилиши партиялардын арасындагы кызыкчылыктарда гана сакталып, партиялык кызыкчылыктардан чыга алышпайт. Бирок, негизги кызыкчылыкты кармаган күч катары президент баарын ордуна коёт. Баардык партиялардагы негизги бир тараптуу көзкараштагы саясатчылар чогулуп, мамлекет үчүн жемиштүү ишмердикти аткарышып баштайт. Бул көрүнүш, албетте, парламенттик   башкаруунун акырын аткарылып барчу этаптары болуп саналат.

- Айта кетсеңиз, жаңы партиялар кантип жаңы саясий кырдаалдын жеңүүчүсүнө айланды?

– Мурдагы шайлоону баарыңыздар билсеңиздер керек. Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясын түзүп, шайлоого аттанган эле. Алсак,  “Ак Жол” партиясы сыяктуу деп айтсак болот. Шайлоочулар үчүн убакыт, иш тажрыйбасы маанилүү эмес. Эски партиялардан “Ар-Намыс” жок болду, а “Ата Мекен” партиясы араң-араң барды. Көптөрү жаңы партия аталган “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жогорку деңгээлде добуш алат деп ишенген эмес. Жыйынтыгында биз баарыбыз көргөндөй, “Ата Мекен” партиясына караганда “Бир бол” менен “Кыргызстан” партиясы көп добуш алды. Мындай көрүнүш Чыгыш парламентинде болгон эмес жана болбойт дагы. Бирок Кыргызтанда парламентке барууга таанымалдуулук, иш тажрыйба маанилүү эмес экенин көрө алдык.  Шайлоочулар кимди билсе ошону шайлайт эмеспи. Ал арада 14 партия ат салышып, паралментке жаңы 3 партиянын келиши, эскилерден эл тажаганынан кабар берип, далил  болуп бере алат. Демек бул-Текбаев менен Куловдун аңыздарына таш ыргытуу болуп эсептелет.

- КСДП дагы эски партия, бирок, биринчи орунду ээледи. Эгер анын лидери президент болбогондо, ушундай натыйжага жетише алат беле?

– Жок деп ойлойм. Айрыкча, постсоветтик аймакта партиялардын жетекчилиги деген фактор бар, алар дайыма белгилүү бир мүмкүнчүлүккө ээ. Мен администрациялык ресурс, карусель, БШК аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү ээлөө тууралуу айткан жокмун. Мен психологиялык да таасир бар экендигин айтып жатам. Карта кандай таратылбасын, кайсы режим, кайсы саясий системага баш ийген коом болбосун андагы калктын белгилүү бир бөлүгү, тагыраагы отуз пайызы көпчүлүк учурда партиянын жетекчиси үчүн добуш берет. Бул түшүнүк партиянын кандай аталгандыгына көз каранды эмес. Экинчи тараптан, КСДП туруктуулук түшүнүгү менен байланышта. Ал биринчиден партия Президентке таандык жана Алмазбек Шаршенович да бул аныктаманы анчалык деле төгүндөгөн жок, экинчиден өткөн чакырылышта КСДП депутаттык чырлуу мүнөздөгү абалдардан өзүн алыс көрсөткөндүктөн, элдер мындан ары да ушундай уланат деп ойлойт. Себеби, өткөн чакырылыштагы Жогорку Кеңеште “республикачылар” ошондой адаттары менен көпчүлүктү тажаткан. Бирок тилекке каршы, ошол көзкараштан караганда, көрүп жатканыбыздай, мурдагы эле абал кайра уланчудай.

- Жаңы Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары керектүү түрдө кыскарып, а парламент болсо күчтөндүрүлгөнүнө карабастан, баары бир президент чачыранды болгон парламентке салыштырмалуу утуштарга ээ болуп өз пайдасы үчүн акылдуулук менен пайдаланып жаткандай.

– Ооба, мүмкүн дал ушундай деп айтсак болот. Бирок чындыгында абсолюттук түрдө үстөмдүк кылуу мүмкүн эмес. Анткени, мурдагы парламентте да болгондой эле бул жолку чакырылышта да президенттин администрациясы кызыкчылык үчүн чоң-кичине фракциялар жана топтор менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө бериши анык иш. Анткени КСДП партиясынын болгону 37-38 мандаты болгондуктан, көп нерсени алар менен алып кетүүгө мүмкүн эмес да. Көрдүңүзбү Бабанов мырзага күтүүсүз жерден жакшы жагдай түзүлүп, анын өнөктөшү Ташиев мырза белгилүү себептерден улам парламенттин босогосунан алыста калды. Менин оюмча экс-премьер-министр бул жагдай боюнча капа деле болгон жок. Азыр жанына Ташиевди отургузгандан көрө ошол эле КСДП партиясы менен конструктивдүү платформа түзүп иш алып барууга шарт түзүлгөндөй. Мындай да болушу мүмкүн. Айтылгандай блок түзүлсө дагы, баары бир өткөндөгү парламенттегидей абсолюттук түрдөгү көптүк куралбай турганын айткым келет. Фракциялардын, коалициялардын ич ара болуп келген чыр-чатактарынын, интригаларынын айынан премьер-министрди алмаштырып коалицияны таркатуу оюндары бул ирет дагы актуалдуу болот жана администрация ар дайым пульсту кармап турары түшүнүктүү көрүнүш. Албетте, колунда 25 эмес 40 депутаты туруп пульсту колуна кармап туруу жеңилирээк болушу мүмкүн, бирок баары бир бул кардиналдык көпчүлүккө жатпайт. Ошондуктан администрация парламентти бир, эки, үчөөнөн курашы мүмкүн деп айта албайм, бирок көп эмес азыраак болушу мүмкүн.

- Мындай аракеттердин жыйынтыгында кандай мүмкүнчүлүктөр болот?

– Сиз билесизби, сиздин сурооңузга жакшы көз  карашта жана кайчы пикирди айтса да болот. Парламенттик – президенттик түзүлүштө кандай көз караш, максат менен иштер аткарылса эл арасында ошондой таасир калтырат. Бир тараптан алып караганда жакшы жактары аябай көп. Анткени, 120 депутат болсо, алардын арасында ар кандай талаш тартыштар болуп, аткарыла турган иштер бир тараптуу аткарылышына шарт түзүлөт. Экинчиден талаш-тартыштын көп болуп тургандыгы экономикалык өсүүнү жайлаштырат. Депутаттар өз ара-пикир келишпестиктерден улам терс таасирин тийгизген фактылар да дүйнөлүк практикада бар. Бул тууралуу жакшы жагын, терс көрүнүштөрүн туура тескеп бир тараптуу ой айтканго туура келет.

Көпчүлүк парламенттик түзүлүштү сындап келет, ошол эле учурда баары кырдаалдын жакшы жака өзгөрүүсүнө үмүт кылышат. Эгер Кыргызстандын жараны болсоң, чын жүрөктөн сезесиң депутаттардын кандай ишмердүүлүк менен алектенип жатканын билесиң. Кээ бирөөлөрү өзүнүн бизнесин коргоо максатында иштешсе, айрымдары аймактык бөлүнүштөрдөн чыга албай жарандык ишенбестиктерди жаратышы мүмкүн. Эгер басып өткөн жолубузга кылчайып карай турган болсок, бул учурга чейин аткарыла турган бир топ жумуштарга эмне деген гана убадалар берилген. Албетте. Анын баары артта калды саясий процесс айтып кайра аткарууга, өз кызыкчылыгына эмес, өлкө кызыкчылыгын ойлоп иштөөгө үйрөттү. Ушундай ураан менен таза иштеп өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүүгө бел байлаган.  Анткени бул учурга чейин парламент менен президенттин ишмердүүлүгүндө кандайдыр бир ажырым болуп келген болсо, бул сапар парламенттин депутаттары менен президенттин бир тараптуу иш жүргүзүүгө шарт түзүлүп турат. Депутаттардын баштапкы мамлекеттин келечегин ойлогон иш аракеттери анча байкалбай жатса да убакыттын өтөөрү менен өз ордуна келет. Муну ал мамлекетте жашап сезбесем да, ал жактагы жарандардын пикирине карап айтып жатам. Анткени КР жарандары парламенттик өнүгүүнү аябай каалап жатышат.

- Дүйнөлүк боштукта саясий туруктуулукту бир адамдын башчылыгындагы бийлик менен сактоого мүмкүн деген түшүнүк сакталып келет. Аз убакыт болду, алар ойлогондой, биз ойлогондой болбой саясий багыт, түшүнүгү башка нукка карай өзгөрүп кетти. Муну кандай түшүнүүгө болот?

– Туруктуулук – бул балким мүрзөдө жатат, бирок, кайра аны өз калыбына келтирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Саясий практикада биз парламентте кандай көзөмөлдөгөн болсок, так эле ошондой көзөмөлдөөгө болот. Бирок, парламент  Кыргызстанга көп эле жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берди. Алар жөн гана сүйлөшүп көрүштү, парлментте бири-бирин мурдун жанчышты, бирок эч кандай зор өзгөртүү жасай алышкан жок. Кыргызстанда эч кандай оппозициялык кысымдар болбошу керек. Анткени эки революцияны башынан өткөрүп саясий туруктуулукту эми гана түзүп келе жаткан өлкө үчүн мамлекеттик саясий капкагы жарылышы мүмкүн. ММК багытында оппозициялык чектөө болушу шарт анткени сөз эркиндиги деп элдин аң-сезимине ар кандай баг8ытит агы жаман макалалар таратылып терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Мен дайыма айтам Кыргызстан саясий этаптарды башынан кыска убакытта өткөргөндүгүнө байлашыштуу саясий тажрыйбасы чоң. Ошол себептүү кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу саясий туруктуулугу жогору деп кароогго болот.

- Парламенттик-президенттик башкарууда КР – бул кырдаалдарды башынан кайра өткөрүүсү мүмкүнбү, же келечекте чоң саясий жеңиш деп бааланып калабы?

– Бул тууралуу азыр бир жактуу сөз айтуу да кыйын. Ар бир парламенттик чакырылыштын жаңы депутаттарында жаңыча иш аракеттер болуусу күтүлөт. Ал эми Тажикстандын мисалында айта турган болсок, парламент түптөлө электе президенттик пост өз күчүнө кире элек болчу. Кийинчерек парламенттик- президенттик башкаруунун натыйжасында толук бир түзүм болуп иш алып барып башташтыю Кыргызстан да так эле ошондой мисалдын негизинде айтууга болот. Саясий баардык процесстертер жайдан да болсо, бирок туура аткарылып келе жатат.

- Кыргызстан жаңы парламенттик өнүгүү жолун тандап алганда Москва сырттан сын көз караш менен байкап турган эле. Бүгүнкү күндө Москванын көз карашы кандай?

– Сиз туура айтасыз, 2010, 2011, 2012-жылдары Кыргызстан –Москва менен аябай ички байкоо менен абайлап мамиле жасалган. Москва, Кыргызстанга бара-бара албетте жакшы мамиле жасады. Саясий кырдаал турукташтырылгандан соң Москва менен Кыргызстан мамилеси бир жолго коюлду. Албетте буга Кыргызстан президенти Атамбаевдин эмгеги зор.

Алмазбек Атамбаев эл менен иштешүүнү билген президент. Кыргызстанда анын кадыр-быркы жогорулады. Ал айрым саясий күчтөрдү тизеге чаап чөгөлөтпөстөн, алар менен кантип иштешүүнү мыкты өздөштүрүп алды. Аябай тез аракет жасабаса да акырындан бир топ кыйынчылыктарды басып өтүп, өз ордуна коюп келе жатат. Бир сөз менен айтканда Атамбаевдин элге жасаган эмгегин көп жолу санаса болот. Экинчиден Атамбаев Россиянын башчылары менен мамилеси да аябай жакшы. Кыргызстан ЕАЭС ке мүчө болуп киргенден кийин Кыргызстан – Россия мамилеси бир топ тереңдеди. Кыргызстан тарап мыкты мамилелеринин натыйжасында чыныгы мүчө экендигин көрсөтө алды. Андан сырткары Россия энергетикалык фонду да туруктуу ишмердүүлүлүгүн жүргүзүп жатат. Ошого карата Россиянын кыргызстан менен мамлекеттик деңгээлдеги мамилесин бир тараптуу чагылдырбай келет. Бул албетте убактыттын иши. Өзубактысы келгенде баары өз ордуна түшөт.

- Баары белгилүү, 2010-жылы Кремль Феликс Куловго колдоо көрсөткөн болчу. Парламенттик шайлоо алдында муну Феликс Шаршенбаевич көп жолу айтып ыраазычылык билдирген. Бул сапар эмне үчүн андай колдоо болгон жок? 

– Феликс Кулов азыркы саясаттан туруктуу орду жок саясатчы. Аны бир топ толук ойлонбой аткарган жумуштарынан улам, улам кадыр-баркы мурдагыга салыштырмалуу бир топ жоголгон. Эл арасында саясий иштерди аткарууга беосенип жатканы менен колунан эч нерсе келбей турганын бүт эл көрүп түшүндү. Ал албетте бул ойлорду четке кагат. «Ар Намыс» – бул саясий долбоор эле, эми ал эскирди. Коомго эч кандай таасир бере албай калды. «Ата Мекен» партиясы да коомдук кызыкчылыктарды аткарып араңдан эле эл арасында кармалып турат.

- Шайлоонун алдында саясатка жаш кадрларды алып келүү боюнча көп эле максатар айтылды. Чын эле жаштар азыр Кыргызстандын саясатын алдыга жылдыра алабы?

– Мурдагы саясатчылар элдин аң-сезимин жакшы өздөштүрүп алышты. Алар кайсыл жердде кандай айтып элдин көңүлүн алганды билет. Ошол жол менен алар партияларды шашылыш түзүшүп иштөөгө камынып жатышат. Бирок, баарибир алар максаттарына жетиши кыйын. Анткени алар элди алдоо жолу менен саясаттан орун алганга аракет жасашты.Бул саясатчылар жакынкы аралыкта жаштар жаңылар менен алмашат. Бул албетте түшүнүктүү процесс.

Булак: “Взгляд” сайты

Айбат гезити №151 (23.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru