Айбат » 550’000’000 доллар тамекиден зыян чеккендерге бөлүп беришет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » 550’000’000 доллар тамекиден зыян чеккендерге бөлүп беришет

тамеки - өлүм“Ден-соолука зыян келтиргендиги жана дагы деле зыян келтирип жаткандыгы үчүн” деген айып менен жоопко тартылган, тамеки чыгаруучу ири компаниялар Нью-Йорктун бюджетине 550 млн доллар которуп бермекчи.

12 жылдан бери соттошуп келип, жыйынтыгында тамеки чыгаруучу компаниялар бул ири сумманы которгон соң, сумманын жарымын штат алса, калган жарымын Нью-Йорк жана анын айланасындагы округдарга тең бөлүнмөкчү.

Штаттын башкы прокурору Эрик Шнайдермандын айтуусу боюнча ири компаниялар элге келтирген зыяны үчүн жоопко тартылышы керек жана жогорудагы сумма тамекиден зыян чеккендердин ден-соолугун чыңдоого жумшалат.

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru