Айбат » Нурдин Аманкан: «Ийгилик-кемчилигиме көрөрман-күйөрмандарым күбө»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурдин Аманкан: «Ийгилик-кемчилигиме көрөрман-күйөрмандарым күбө»

Нурдин МотуевНурдин Аманкан (МОТУЕВ) – тележурналист, Кыргыз телевидениесинин отличниги менен маек.

- Нурдин мырза, жакында аяктаган парламенттик шайлоого кандай баа бересиз?

– Биринчиден, биометрика аркылуу таза шайлоого алгачкы кадам ташталды. Бирок, көнгөн адат калбай, мурдагыдай эле көз боемочулуктар арбын колдонду. Шайлоо жыйынтыкталганы менен партиялардын ичиндеги орун талашмай чатактар бул парламенттин келечеги күмөн экендигинен кабар берип турат. Жалпы кыргыз элинин алдында эч кимди көзгө илбеген ачык соодалашуулар жүрүп жатат. Эң өкүнүчтүүсү коомду буга көндүрүп бүтүштү. Саясаттагы чоң соода эч кимди көзгө илбеген терс көрүнүштү аң-сезимге сиңирүү менен келечекке балта чаап баштады. Мени өкүндүргөнү ушул.

- Кайсы партияга добуш бердиңиз?

– Негизи мен ушул жашка келгени бир дагы шайлоодо добуш бербептирмин, ушуга добуш берип кой деп талапкерге үгүттөп чуркабапмын, бул жагынан таза экенмин. Бул кайдыгерлик эмес, болгону шайлоо күндөрү БШК да түз эфирди камсыздап иштечүбүз, кол бошочу эмес.

- Тележурналистикада иштегениңизге канча жыл болду, кайсы каналдан баштагансыз, деги эле Кыргызстандагы тележурнилистиканын артыкчылыктары жана жетишпеген жактары кайсылар, кандай баа бересиз?

– “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи 25 жыл бир эле КТРК да иштептирмин. Ийгилик-кемчилигиме көрөрман-күйөрмандарым күбө. Ал эми тележурналистиканын артыкчылыктары менен жетишпестиктерин санасак теңме-тең чыгат го. Негизи Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан аудитория кичине. Коммерциялык рынокто мүмкүнчүлүктөр чектелген. Казак, орус, өзбек коллегалардай кыргыз тележурналисттери байгер жашай албайт. Бирок, иш ыргагын ийкемдүү жана натыйжалуу уюштурса  ар бир телеканал өз жанын эле багып  кетпестен, кызматкерлерин да кор кылбай багып алууга мүмкүнчүлүктөрү жетет. Эң башкысы демократиялык принциптерди сактоо менен сөз эркиндигин кысмакка албаса кыргыз тележурналистикасынын келечеги кең.

- Басма сөз беттеринен жетекчиңиз менен соттошуп атканыңыз тууралуу кабардарбыз. Эмне себептен мындай болуп жатат?

–  Жок шылтоо менен жумуштан кетиргилери бар, биз макул болбой соттошуп жатабыз. Чыныгы кесипкөй адистерди куугунтуктап жатышат. Кайсы бир режимдүү заводдогу жумушчуларды иштеткенсип же зектерди камаган түрмөнү кайтаргансып, КТРКнын чыгармачыл жамааттын эртең мененки 9 да келип, кечки 18 де кетишин көзөмөлдөп отурат Илим инибиз. 2-3 мүнөт жумуштан кечиккендерди эскертүү берип, кийин кайталанып калса жумуштан айдап, жакшы эрмек таап алды. А кесипкөйлүк деңгээл экинчи планда калды. Ошондуктан  коомчулук КТРК берүүлөрүнүн деңгээли түшүп кеткендигин, алкоголдук ичимдиктердин гана жарнамалары кетип жаткандыгын, бул кайсы мыйзамга төп келээрин биле албай баштары маң. Түпкүлүгүндө КТРКны менчиктейбиз деген акаевчи-бакиевчилердин ишке ашпай калган саясатынын уландысы азыркы бийликти тегеректеп жүргөндөрдүн түн уйкусун бузуп жатат. Тактап айтсак, Илим Карыпбеков Максим Бакиев менен Оксана Малеваннаянын Секретариатында иштеп жүргөнүндө башталган куйту саясатты эми улантышы керек болуп жатат. Өткөндө интернет сайттардын биринде Англиядан баш паанек алып качып жүргөн Оксана Малеваннаянын кыргыз бийлигин шылдыңдаган пикири жылт этип чыга калып, кайра жок болуп кетти. Анда ал ачык эле:- “…мени эптеп Кыргызстандан чыгарып ийишкендери менен менин кадрларыма кыргыз бийлигинин күнү түшүп жатат!”-деп эликтептир. Чынында Бакиев Секретариатынын кызматкери Илим Карыпбековго окшогон эки-үчөө бийликтин бийик тепкичтерин айланчыктап жүрүшкөнү эч кимге деле жашыруун болбой калбадыбы. 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан 86 эр-азамат “максимчилер” менен “малеванныйчылардын” тайраңдап кайрадан бийликте отурушу үчүн жандарын кыйышты беле деп коомчулук акыйкат суроону коюп отурганы да бекеринен эмес окшойт. Булардын мындай тайраңдашы чынында эле бийликке аброй алып келбейт. Анысы аз келгенсип, Кыргыз маданиятынын, улут идеологиясынын очогу болгон Коомдук каналды менчиктегилери бар.

- Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болмокчу ?

–  Бир аз чыдай турсаңыздар аны да көрөсүздөр…

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №151 (23.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru