Айбат » Өмүрбек Абдырахманов: “Кыргызстандын кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу башкаруусу демократиялуу”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Өмүрбек Абдырахманов: “Кыргызстандын кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу башкаруусу демократиялуу”

Абдрахманов- Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 42-пленардык отурумунда 2016-2018-жылдар аралыгындагы адам укугу боюнча БУУнун Кеңешине мамлекеттерди мүчөлүккө шайлоо болду. Анда Кыргызстан 7 мамлекеттин ичинен эң көп добуш менен шайланды. Бул көрүнүш Кыргызстандын эл аралык деңгээлде аброю өсүп жатканын билдирет деп айтсак болобу?

– Кыргызстан эл аралык адам укуктарын коргоодо,  БУУда 2 жыл аралыгында адам укугун коргоо кеңешине мүчө болуп шайлануубуз өлкөбүз үчүн жакшы көрүнүш. Биздин өлкө менен катар эле Украина да шайланды. Ошондо биз Украина менен биргеликте иш алып барабыз. Албетте, дүйнө мамлекеттери бизди колдоорун колдоп койду, бирок ал жерде бүткүл дүйнөлүк элдердин укугун колдоо боюнча иш алып баруу милдети тагылган. Ал милдеттерди иш жүзүнө ашыруу үчүн чоң күч талап кылынат. Биз биринчи кезекте демократиянын баардык багыттарын тактап үйрөнүшүбүз керек. Ошондо адам укугу менен күрөшүү кыйынга турбайт.

- Эми 2016-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан өзүнүн мүчөлүк ишмердүүлүгүнө киришет. Бул биздин өлкө үчүн кандай артыкчылыктарды алып келет деп ойлойсуз?

– Бир нерсени мойнубузга алышыбыз керек, Кыргызстан кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу башкаруусу демократиялуу жана укуктук-чектер сакталган мамлекет. Бул чоң милдет экенин түшүнүп-түшүнбөй мамиле кылбашыбыз керек. Эгер чын эле БУУнун адам укуктарын коргоо кеңешине мүчө болуп ишти алып баруу милдети тагылса, милдетибизди так аткарып, дүйнө ишенимине ээ боло алабыз.

Айбат гезити №152 (30.10.15)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru