Айбат » Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Коалицияны түзүү укугу албетте парламентте көпчүлүктү түзгөн партия өз мойнуна алат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Коалицияны түзүү укугу албетте парламентте көпчүлүктү түзгөн партия өз мойнуна алат”

Жыпар Жекшеев- Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берди. Президенттин бул чечими туура эле болдубу?

– Мыйзам боюнча президенттин буйругу менен көпчүлүк коалицияны түзүү укугу албетте парламентте көпчүлүктү түзгөн партия өз мойнуна алат. Бул жерде депутаттар арасында көпчүлүктү түзгөн партия КСДП. Ошондуктан КСДПга коалиция түзүү укугу берилип жаткандыгы туура болду. Эгер бул ишти башка фракциялар ала турган болсо, иштин жүрүшү биртоп жай болуп калат. Мен президенттин чечимин колдойм.

- Көпчүлүк коалиция канча мөөнөттө жана кайсы партиялардан куралышы мүмкүн?

– Жеке көз карашымда алардын саясий багыттарында эч кандай карама–каршылык байкалбайт. Ошондуктан көпчүлүк коалицияны түзүү иши көпкө созулбайт. Узагы менен эки жумага созулушу мүмкүн. Партиялар арасында карама–каршы тургандарын көргөн жокмун. Ошондуктан башында коалиция түзүү кыйын болбойт. Кийинчерээк идеялык кагылыштардан улам оппозициялык маанайда бөлүнүп чыгышы мүмкүн.

Айбат гезити №152 (30.10.15)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru