Айбат » Кыргызстанда улуттар аралык ынтымак күн сайын бекемделүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстанда улуттар аралык ынтымак күн сайын бекемделүүдө

ынтымакКыргызстанда улуттар аралык ынтымак күн сайын бекемделүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов билдирди. Анын айтымында, мындай жыйынтыкка акыркы кездери мамлекет тарабынан улуттар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн тынымсыз жана натыйжалуу аракеттер негиз болгон. “Эң негизгиси элдин ынтымагын бекемдөө жана улуттар аралык мамилени чыңдоо боюнча Концепция өз убагында кабыл алынды. Акыркы 20 жылда мындай документ болгон эмес. Бул Концепцияны ишке ашырууга 204 млн. сом бөлүндү Мындай да буга чейин болгон эмес. Азыр бул багытта иштегенге убакыт да мүмкүнчүлүк да бар”, – дейт ал.

Ошондой эле Бектемир Мурзубраимов Кыргызстанда саясий иштерге башка улуттардын да жигердүү аралашып жатканын белгиледи. Ал жаңы шайланган 6-чакырылыштагы депутаттардын 20сы башка улуттун өкүлдөрү экенине токтолду. “Жаңы шайланган парламенттин алгачкы жыйынын өзбек улутундагы депутат Анвар Артыков алып барды. Бул көрүнүш деле көп нерсени билдирет. Учурда мамлекет, эл баарысы биримдик жана ынтымак эң кымбат экенин билип калды”, – дейт ал.

Айбат гезити №152 (30.10.15)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru