Айбат » Кыргызстандын кадыр-баркы күн сайын өсүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстандын кадыр-баркы күн сайын өсүүдө

БУУКыргызстандын эл аралык деңгээлде кадыр-баркы күн сайын өсүүдө. Буга абройлуу эл аралык уюмдардын биздин өлкө боюнча берген баалары негиз боло алат.29-октябрда президент Алмазбек АтамбаевТышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алып Кыргызстандын тышкы саясатынын акыркы абалын талкуулады. Э.Абдылдаев жакында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 42-пленардык отурумунда 2016-2018-жылдарга адам укугу боюнча БУУнун Кеңешине мамлекеттерди мүчөлүккө шайлоо өткөнүн маалымдап, андагы добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан да шайланганын билдирди. Тышкы иштер министри билдиргендей, бул шайлоодо Азия-Тынч океан аймактык топтон БУУга 7 мамлекет 5 орунга ат салышкан. Кыргызстандын талапкерлиги БУУнун курамындагы 192 мамлекеттин 147си колдоп эң көп добуш менен шайланган. Эми жаңы жылдан тарта Кыргызстан БУУнун  адам укугу боюнча Кеңешинде өзүнүн мүчөлүк ишмердүүлүгүн жүргүзө баштайт.Өз кезегинде мамлекет башчысы Кыргызстан адам укугу жогорку баалуулук деңгээлине көтөрүлүп, нагыз демократиялык, мыйзам үстөмдүүлүгү орногон коомго айланышы үчүн татаал жолду басып өткөнүн айтты. Ошондой эле бул жаатта иштер токтобостон улантыларын, Кыргызстанга ишеним көрсөткөн өлкөлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru