Айбат » Кыргызстан Интернет эркиндиги боюнча алдыга чыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстан Интернет эркиндиги боюнча алдыга чыкты

интернетКыргызстан Интернет эркиндиги боюнча 35-орунга чыкты. Бул тууралуу Freedom House уюмунун жылдык отчётунда айтылат. Бул уюмдун иликтөөсүнө караганда Кыргызстан дүйнөдөгү Интернет эркин болгон мамлекеттердин катарына кирген. Ошондой эле аталган документте Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргызстанда Интернет өзгөчө чектелгени айтылган. Freedom House уюмунун адистери Кыргызстандын ири шаарларына караганда алыскы аймактарында Интернет жай жана кеңири колдонулбаганын байкаган. “Акыркы жылдары Кыргызстанда Интернеттин баасы бир топ арзандаган. Ошентсе да борбордо бул багытта артыкчылык бар. Кыргыз өкмөтү азыркы учурда атайын медиаплатформа иштеп чыга элек. Ошондуктан көпчүлүк кыргызстандыктар маалыматты теле көрсөтүүлөрдөн алат”, – деп айтылат аталган уюмдун отчётунда. Ошондой эле Кыргызстандагы телекоммуникация аймактагы башка өлкөлөргө караганда жакшы өнүккөнү айтылат. Уюмдун отчётуна ылайык, Интернет эркиндиги боюнча Орусия – 62, Беларусь – 64, Украина – 37, Өзбекстан 78-орунга илинген.

Айбат гезити №152 (30.10.15)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru