Айбат » Эстакадалык көпүрө достуктун көпүрөсү болсун!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эстакадалык көпүрө достуктун көпүрөсү болсун!

28-октябрда Кыргызстанда дагы бир салтанаттуу окуя болду. Тактап айтканда, Ош шаарында кылым курулушу атыккан  эстакадалык көпүрөнүн расмий ачылышы өттү. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышып оштуктарды жаңы көпүрө менен куттуктап, бул курулуш достуктун көпүрөсү катары кызмат кылышын тиледи.

Эстакадалык көпүрөнүн ачылыш аземи

Эсиңиздерде болсо дал ушул курулушту Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов эч кандай каражат жок туруп популисттик жол менен баштаган. Шаардын чок ортосунда жайгашкан А.Навои көчөсүн бузуп, калаада массалык автотыгынды жараткан. Ошентип, же бюджетте акча жок, же инвестор табылбай курулуш иши токтоп калган. Мелис мырза бул ишти баштаганда анын суммасын 1 млрд. сомдон ашыкка баалап, студенттерден акча, сөйкөлөрүнө чейин чогултканга барган. Кийинчерээк элден жыйналган каражатты да “шыпырып” кеткени маалым болгон. Кыскасы, Оштун негизги каттамы болгон бул көчөдө ара жолдо калып, көпүрөнүн бүтүшүнө шаардыктар да ишенбей калган эле. Айрым тургундар “көпүрөңдү токтот, жолду калыбына келтирип кой акчаң болбосо” дегенге чейин барган. Дал ушундай туңгуюк абал түштүк борбордо түзүлүп, баарынын башы катып жатканда курулушка президент Алмазбек Атамбаев жеке өзү киришти. Өлкө башчысы абалдын оор экенин билип, каражат жагын чечип берди. Президент дал ушул курулушка деп кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан акча бөлдүрттү. Натыйжада анын планы кайрадан иштелип чыгып, Мырзакматов 1 млрд. сомго баалаган көпүрө 560 млн. сомго жетпеген акчага бүтүп отурат. Президент көпүрөнүн ачылыш аземине катышып жатып  аны достуктун көпүрөсү болушу керек деп билдирди. “Элдердин ортосундагы достукту көпүрө менен салыштырса болот. Көп улуттуу Кыргызстандын биримдиги үчүн ар бир жаран өз алдынча “көпүрө” болушу керек – адамдарды өзүнүн тегерегине чогултуу, толеранттуу жана чыдамкай болушу кажет”, деди А.Атамбаев. Эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен Ош шаарынын тургундары үчүн жагымдуу шарт түзүлүп, калаадагы тыгындардын 30 пайызы жолго коюлду.  Президент айткандай өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсү үчүн биринчи кезекте тынчтык, улуттар ортосундагы ынтымак керек. Ылайым эле Оштогу бул көпүрө достуктун көпүрөсү болуп, Кыргызстанда ушундай курулуштар бүтө берсин.

кыргыз ата-энелер Эстакадалык көпүрө, Ош Эстакадалык көпүрө,  Ош

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru