Айбат » Айдаров да Коркмазовдун жанынан орун табабы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айдаров да Коркмазовдун жанынан орун табабы

Хаджимурат КоркмазовКечээги чыккан маалымат каражаттарында Нургазы Айдаровдун аты атала баштады. Коррупцияга шектелип камалган Нариман Түлеев бир топ аткаминерлерди өзү жаткан түрмөнүн төрүнө ала кетчүдөй өңдөнүп калды. Алкымы жамандар камакта жаткан Наримандан “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып акча өндүрөлү дешкен жоруктарынын азабын тартып, бирин-бири түрмөгө сүйрөп жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хаджимурат Коркмазов президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарынбаевге ортомчу болуп Түлеевдин кызынан 50 миң доллар алып бере коём деп кылтакка илинип камакта отурат. Кийин бул иш менен Нарынбаевдин мойнуна сыйрытмак түштү. Бирок эмнегедир Хаджимураттай эле ортомчулук милдетти аткарган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаров эркиндикте жүрөт. Дегенибиз, Данияр мырза алган акчаны Нургазы Айдаров жардамчысы аркылуу парламентке киргизген. Ал акчаны Айдаровдун кабинетинен Коркмазов алып Нарынбаевге бергени айтылууда. Ортодон канча акча өөнөп калды ким билсин? Демек, бул жерде Айдаров дагы Коркмазовдой болуп ортомчулук милдет аткарып жатат. Андыктан, акыйкаттык болсун десек Айдаров да Коркмазовдун жанында отурушу кажет. Тиешелүү органдар Айдаровдун дагы артын казып көрсө көп кызык чыкчудай. Балким казып да жатышса керек.

Айбат гезити №152 (30.10.15)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru