Айбат » Токтайым Үмөталиеванын «Антеннасы» Европаны тартабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Токтайым Үмөталиеванын «Антеннасы» Европаны тартабы?

Токтайым ҮмөталиеваУкук коргоочу Токтайым  Үмөталиеваны кимдер гана тааныбайт. Учурунда Президенттикке талапкерлигин коюп жүргөн айым эми түрмөдө отурган кылмышкерлердин укугун коргоп жүрү. Айтканыбыз, жакында эле болуп өткөн №50 абактан качкандардын укугун коргоп, ооруканага биринчилерден болуп жетип барып жатканы бизди таң калтырууда. Токтайым айымга ал маалыматтарды ким айтат? Андан көрө ошол кылмышкерлерден жапа чеккен жабырлануучулардын укуктарын коргосо коомго бир топ пайда алып келээр беле. Анын кылмышкерлерди коргогону келечекте өсүп келе жаткан балдардын психологиясына терс таасирин тийгизбейт деп ким кепилдик бере алат? Токтайым айым, сиздин «антеннаңыз» Европадан тартат окшойт. Эгер ошондой болсо, кыңыр иш кырк жылда билинет эмеспи, угуп калаарбыз.

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru