Айбат » Бизнесмендердин баары Максимчиктин алдында «куйрук шыйпаңдатчу»…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бизнесмендердин баары Максимчиктин алдында «куйрук шыйпаңдатчу»…

Максим БакиевЭл аралык деңгээлде кеңири таанымал, дүйнөгө чуу салган «Викиликс» аттуу веб-сайт бар. Бул маалымат булагы буга чейин АКШнын дүйнөнүн булуң-бурчундагы элчиликтеринин 250дөн ашуун жашыруун каттарын таап жарыя кылып кеңири таанылган. Жакында эле аталган сайт америкалык дипломат Ли Литценбергердин да өзүнүн «кожоюунуна» жазган жашыруун катын таап жарыялаган. Ал катта жазылгандарды карапайым тил менен айта турган болсок, 2009-жылдын июнь айында Ысык-Көлдүн жээгинде Максим Бакиев өзүнүн отелинин ачылыш аземи үчүн шаан-шөкөт уюштурат. Бул шаан-шөкөттүн майрам эмес эле, ага катышууга келген Кыргызстандын бизнес-элитасынын өкүлдөрүнүн жалаң гана президенттин эрке талтаң уулу Максимчикти ашыра мактоо жатышкандай болду жана алар өздөрү «босс» деп атаган адамдын келишин диртилдеген чыдамсыздык менен күтүп турушту» деп жазылат анда. Бирок ошого карабастан көптөгөн бизнестин өкүлдөрү Максим алардын жанынан өтүп баратканда ага карата анткор жагалданууларды жасашканын да белгилейт дипломат. Бир бизнесмендин «Эгерде биз бардыгыбыз, байкуш Игорь (Чудинов, ошондогу премьер-министр) баш болуп бизнесте калыш үчүн президенттин баласынын алдында куйрук шыйпаңдатууга мажбур болуп атсак, анда биз кандай мамлекетте жашап атабыз?» деп кейигенин да дипломат катында мисал кылган экен. Мына ушунун өзүнөн эле Курманбек Бакиевдин убагында анын эрке уулу Максимчиктин канчалык деңгээлде тайралаңдаганын түшүнө алабыз. Ал өзүнүн мындай ашыкча жүрүм-турумдары менен атасынын бийлигинин түбүнөн ор казып салганын кыязы эми гана түшүнүп баштаса керек, эгер түшүнсө…

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru