Айбат » Бектур Асановдун “крышасы” жылып калганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бектур Асановдун “крышасы” жылып калганбы?

Бектур Асанов“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов шайлоого 5 млн. сом таба албай калып саясий жарыштан четтеп калган. Эми ал өзүнө көпчүлүктүн көңүлүн буруунун оңой жолун таап алыптыр. Ал кандай десеңиз президентти сотко берүү.

Буга чейин Бектур мырза Бишкектеги райондор аралык сотко “президент шайлоо өнөктүгү учурунда СДПК партиясын колдогон сөздөрү менен Конституция жана шайлоо мыйзамдарын одоно бузду” деп кайрылган. Бирок, аталган сот Бектур Асановдун арызын “негизсиз” деп кабыл алган эмес. Эми болсо дал ушул арызын көтөрүп алып Биринчи май райондук сотуна кайрылганы жатыптыр. Кайрылса кайрылсын, бирок негизсиз арыздар менен соттордун деле убактысын ала берген болбойт го. Үсөн аке Сыдыков айткандай “Бектурдун 8-класс эле билими бар” деген чын окшойт. Болбосо акыл-эси бар адам негизсиз арыз менен кайра-кайра сотко кайрыла бермек беле. Мындай адамдарды “крышасы” жылып калган дечү беле?

Бул боюнча юристтерге кайрылганыбызда алар деле Бектур мырзанын аракетин угуп чалкасынан кетти. “Атың чыкпаса жер өрттө” болом деп узун сөзгө калбаса эле…

Айбат гезити №152 (30.10.15)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru