Айбат » Турганбаев Мелис, Ички иштер министри, генерал майор: “Эртең менен үйүнөн чыккан кызматкер, кечинде кайра аман-эсен үйүнө келип алышын каалайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Турганбаев Мелис, Ички иштер министри, генерал майор: “Эртең менен үйүнөн чыккан кызматкер, кечинде кайра аман-эсен үйүнө келип алышын каалайм”

Мелис Турганбаев1-ноябрда милиция кызматкерлеринин 91-жылдыгы алдында, катардагы сержанттан баштап, ар бир генерал үчүн жоопкерчилик алып, кызматтын түйшүктүүлүгүнө карабай, милиция болууну жаш кезинен максат кылып, бүгүнкү күндө чоң-чоң кылмыш иштеринин бетин ачкан ички иштер министри, милициянын генерал майору Турганбаев Мелис Токтомамбетович менен маек курдук.

- Милицияда, деги эле мамлекеттик органда кайсы жылдан бери иштеп келе жатасыз.

– 1985-жылдан бери иштеп келе жатам.

- Ошондо, милицияга келгендеги эң биринчи кайсы кызматтан баштадыңыз эле?

– Кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө, жазыктык издөөдөн баштагам. Анан ошол жазыктык издөөдө өмүр бою иштеп келе жаткандаймын. Он төрт жыл Свердлов районунда – ыкчам иштөө боюнча жөнөкөй ыйгарым укуктуу опер кызматкеринен баштап РИИБдин башчысынын орун басарына чейин көтөрүлдүм. Кийин жазыктык издөөнүн башкы башкармалыгына келдим. Андан соң жазыктык издөө боюнча шаардык башчысынын орун басары болдум. Эстеп отурсам иштебеген жерим калбаптыр, министрликке чейин ар бир тепкичти басып өттүм.

- Милиция азыркы учурда эң опурталдуу кесиптердин бири, бул кесипти тандап алганыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Эми… өкүнсөм мындай ийгиликтерге жетип, мындай иштебейт элем го? (күлүп). Негизинен бул кызматта, чынын айтканда, милицияны чын дили менен сүйгөн адам иштеши керек. Бардык милиция бөлүмдөрүнүн жумушу оор. Ар кандай кырдаалдар болот, ар бирине чыдаш керек. Бул кызматта болгон соң жакшы да көрүнөсүң, жаман да көрүнөсүң. Анан ошол жамандыкты көтөрө билиш да оңой эмес.

Дагы бир мисал катары айта кетсем, бул – иштөө убактысы. Эл катары эртең менен саат тогузда келип, кечинде алтыда кетип калмай жок. Коомдогу кырдаалга жана башка ар кандай шарттарга жараша кээде таң атпай төрт-беште келиш керек болот. Анан ошону менен бир сутка, кээде андан да узакка, жумалап, айлап иштеп калышың мүмкүн. Мындай графикке бардыгы эле чыдай бербейт. Милициянын ишин түшүнүш үчүн, аралашып, чогуу жүрүп, ичине кириш керек. Күндөп болсо күндөп, түндөп болсо түндөп жүрүп гана милициянын иши оор экени билинет. Кээде айтып калышат го – мындай кылса болмок, тигиндей кылса болмок депчи, а бирок сыртынан оңой көрүнгөнү менен чындыгында ар бир кырдаал, ар бир милициянын иши татаал.

Милиция өз үйүнүн босогосун аттап, чыккандан баштап бычактын мизи менен жүрөт. Кайра ошол босогону аттап, үйүнө келип жатканга чейин, анын башынан кандай гана түйшүк өткөнүн бардыгы эле биле бербейт.

Жакшы жагы – кылган кызматы. Мисалы, бир эле тоогун урдатып жиберип, анан аны кайра милиция табып келип берсе, тоок ээси ушунчалык сүйүнүп, батасын берет.

Негизи эле башка дагы жабырланган тараптын иши оңунан чыгып, кубанып, сүйүнүп ыраазычылык билдиргенде, баягы түйшүктөнүп кылган ишинен чарчаганын, кыйналганын унутуп, бир заматта эс ала түшөсүң. Адамга жакшылык кылганда ырахаттанасың, ошондуктан мен бул кесипти тандап алганыма эч качан өкүнбөйм.

- Отуз жылдан бери милиция кызматында иштеп келе жатасыз, ар кандай окуялар болсо керек, эсиңизде калганын айтып бере аласызбы?

– Үрөйдү учурган кылмыштардын бетин ачтык. Кыргызстанда эле эмес, чет жактарга дагы барып, чоң-чоң иштердин бетин ачып жүрдүк. Ошондой бир иш менен Казакстанга бардык. Адам өлтүргөн баланы издеп жүрүп, шартка байланыштуу бир үйдүн дубалын кадимкидей эле тешип кирмей болуп, дубал кулап, кирип барсак, кылмышкер жок, башка кишилер чай ичип отурушуптур. Коноктордон, үй ээсинен кечирим сурап, кийин дубалын кайра тургузуп бергенбиз.

Жазыктык издөө кызматынын иши кээде ушундай күлкүлүү ирмемдерге бай, кызыктуу болот.

Эң бир күлкүлүү күндөр, мобилдик байланыш жок кезинде болду: оор кылмыш кылган бир кылмышкерди кармоо үчүн бир нече милиция кызматкерлерин буктурмага (орусча – засада) турсун деп, ар кайсыл жерлерге жибердик. Анан кылмышкерди бери жактан кармап, сүйүнүп, баягы буктурмада отурган кызматкерлерди унутуп калыптырбыз. Эки-үч күндөн кийин эстеп барсак, баягылар бир жерди карап, аңдып отура беришиптир.

- Милиция болом деген жаш кыз, жигиттерге кандай кеңеш бере аласыз?

– Чынын айтканда азыр милиция болуш аябай эле татаал. Айлык маянасын айтпаганда, кылмыштуулуктун жаңы формалары пайда болуп, кылмышкерлердин ыкмалары өзгөрдү. Андан сырткары терроризм, экстремизм жана башка дагы үрөйдү учурган кылмыштар болуп жатат.

Адамдын пейли бузулуп, зордук-зомбулук өрчүп да жатат. Кылмышкерлердин курал-жарактары жаңырган. Андан калса ар кайсы кылмышкерлердин жактоочулары бар…

Милиция кызматына келе жаткан жаш кыздар-балдар көп эле бар. Академиядан, бөлөк ЖОЖдордон бүтүп келип да иштеп жатышат. Жогоруда айтып өткөн бардык кыйынчылыктарга карабай иштейбиз деп, кесипти сүйүп жаткандарына кубанып, кеңешим ушундай сүйүүсүнөн жазбай, мекенине чын дилинен кызмат кылышсын. Негизгиси таза иштеп, бирөөнү күйдүрбөй жана акыйкаттыктан жазбасын. Болгону ушул үч сапатка бекем турушса эле ийгиликке жетишет. Милиция мыйзамды сыйлап, башка жарандарды дагы мыйзам алдында бирдей болуусуна өбөлгө болушу керек.

- Сиздин ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

– Андай деле сырым жок. Болгону умтулуу болуш керек. Жакшылык кылам деген умтулуу болуш керек. Бир кызматта, бир орунда отура бербей, ийгиликтерге жетип, бийиктиктерге жетүүгө умтулуу болуш керек. Күн дебей, түн дебей эмгектенип жакшы иштеп, эл үчүн иштөөнү максат кылып, ал-күч бар кезинде иштеп калыш керек. Уктаганга, эс алганга кийин деле жетишебиз, буйруса.

Жогоруда айтып өткөндөй, милиция болгон соң жөнөкөй адамды эмес, кылмышкер болсо дагы жазасын мыйзам чегинде бериш керек. Колу менен жасаганды моюну менен жооп берген кылмышкерди дагы адам катары сыйлай билиш керек. Эч кимди күйдүрбөй, адилеттүү болсоң эле, ийгиликтерге жетесиң.

Пендечиликте көрө албастыктар, ар кандай сын-пикирлер болбой койбойт, ошонун баарын көтөрө билүү керек. Кызматтан жогорулаган сайын жоопкерчилик дагы ошончо жогорулайт. Кыргызстандагы катардагы сержанттан баштап, ар бир генералга чейин мен жооп берем. Жакшы иштер жасалып, кол алдыңдагылар дагы ийгиликтерге жетип турса кубанасың. Беш кол тең эмес деп, кээ бир акмактар ар кандай мыйзамсыз иштерге барып жатса кайгырасың.  Өзүңдүн позицияңа бекем болуп, чындыкты далилдеп берүүгө эрктүү болсоң эле, ийгиликтин сыры ушунда.

Министрликтердин эң чоңу болгондон кийин министр болуш дагы оңой эмес. Коомдогу тартипти сактоодон баштап, чоң-чоң кылмыш иштердин ачылуусуна чейин жооп берип жаткан милициясыз мамлекеттин болушу дагы мүмкүн эмес.

- Тынчыңызды алган ой кайсыл?

– Ар бир минута элди, мамлекетти, тынчтыкты ойлош керек. Ошону менен ар убакта ката кылып алуудан корком жана ошо ката кылып албайын деп, ар бир ишти ойлонуп кылам.

Коомчулук жөнөкөй адам жаңылышып алса да сынга алат, ал эми мен көңүл чордонунда турганым ого бетер тартипти талап кылат. Көрө албагандар күнүнө беш мал сынга алып, менин жаңылып калышымды эле күтүп отурушат. А мен жаңылбай, чалынбай, орусча атмакчы “врагам на зло” таза иштеп, ушул кызматта эмгектенип жүрөм.

Иштөө убактысы тууралуу айтып өткөнүмдөй, жыйырма төрт саат мээм чыңалууда болот. Швейцариянын эң мыкты механикалык саатындай, мээм тыкылдап, темпинен жазбай иштеп туруусу абзел. Токтосо эле бүттү, иштин баары көзөмөлдөн чыгып кетчүдөй. Ошондуктан менин ар бир күнүм тынчсыздануу менен, иш үстүндө өтөт.

- Жаш кезиңизде ушунун баарына чыдайм, ийгиликтерге жетем деп ойлодуңуз беле?

– Албетте! Катардагы кызматкерден баштап эле ар кандай сөздөргө, сын-пикирлерге, көрө албастыктарга, деги эле кызматтын оңой эместигине, келечекте боло турган оор күндөргө даярданып, татаал кырдаалдар болот экенин билип, анан милицияга келгем. Корккон эмесмин. Ийгиликтерге жетем деп максат койгом, максатыма жетип келе жатам деп айта алам.

- Ийгиликке жетүүнү максат кылып, сөзүнө бекем турган министрдин кол алдында иштеген милиция кызматкерлерине майрам алдында куттуктооңузду айта кетсеңиз.

– Кызмат канчалык түйшүктүү болбосун, биз деле адамбыз. Биз деле чарчайбыз, бизге деле ден-соолук керек.

Биринчиден ошол ден-соолуктун бекем болушун ар бир кызматкерге каалайм. Үй-бүлөөдө тынчтык, токчулук, молчулук болуп, бакубаттуулукта жашап, жүздөрүнөн эч качан жылмаюу кетпешине тилектешмин.

Татаал кырдаалдарда эртең менен үйүнөн чыккан кызматкер, кечинде кайра аман-эсен үйүнө келип алышын каалайм.

Мамлекет ар бирибизге жардам кылып жатат, биз дагы, ар бирибиз мамлекетке жардам кылып, эл менен бирге, биз менен эл бирге, турмуштун өйдө-ылдыйына чыдап, иштерине ийгилик каалап, баардык милиция кызматкерлерин чын дилимден куттуктайм!

Маектешкен Карачач Шакирова



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru