Айбат » Алга Кылычев, саясый серепчи, «Элдик сакчы» элдик кошуундун лидери: «Мыйзамдуулукту, элдин коопсуздугун коргоп каза болгон кызматкерлердин укугун ким коргойт?»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Алга Кылычев, саясый серепчи, «Элдик сакчы» элдик кошуундун лидери: «Мыйзамдуулукту, элдин коопсуздугун коргоп каза болгон кызматкерлердин укугун ким коргойт?»

Алга КылычевАкыркы жолу түрмөдөн качкан террористтерди кармоо операциясы боюнча коомдо ар кандай кайчы пикирлер айтылып келди. Айрымдары террористтерге, алардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жан тартканын жашырышкан жок. Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү байма-бай билдирүүлөрүн таратып жатышты. Ал эми укук коргоо органдарынын кылмышкерлерди кармоого карата аткарган ишин коом кандай кабыл алды? Чын эле бардыгы сын-пикир айтып жатабы? деген суроолор менен саясий серепчи, «Элдик –Сакчы» элдик кошуундун лидери Алга Кылычевге кайрылууну туура көрдүк.

- Алга мырза, жакында абакта жаткан кылмышкерлердин качып кетүүсү атайы уюштурулган. Алдын ала светти өчүрүп бардык шарттар түзүлгөн деген сөздөргө кошуласызбы? Дегеле сиздин пикириңиз кандай бул боюнча?

– Биринчиден айтаарым, сиз айткандай “кармалган террористтер кандай жагдайда түрмөдөн качышты?” деген суроо менин да тынчымды алып жүрдү. Өздөрүнө кереги бар маалда гана чыга калган ар кандай укук коргоочулардын чындыкка коошпогон маалыматтарына таянсак, качкын кылмышкерлерге эшикти бирөө ачып берген жана ошол маалда свет өчкөн имиш. Бул маалымат боюнча “Түндүкэлектр” ишканасынын атайы билдирүүсүнө көңүл бурсак, соттолгондор качкан маалда №50-СИЗОдо атайылап же кайсы бир башка себептерге байланыштуу эч кандай свет өчүрүлгөн эмес. Андыктан мурда айтылган божомолдор иш жүзүндө далилденбей калып жатат. Ошондой эле качуу маалында кылмышкерлер өздөрү менен кошо башка тааныштары жаткан камералардын да эшигин ачып, аларды абактан бошотууга аракет жасаган. Муну мыкаачылык менен кыйналып, ооруканада көз жумган ГСИНдин кызматкери да Итибаев кыйноого, качууга буйрук бергенин айтты. Бирок, отургандардын көпчүлүгү террористтерге кошулгусу келбестен, өз ордуларында калып калышкан. Мына жогоруда айтылган кылмышкерлер сыяктуу эле мыйзам сыйлаган абакчылар болсо эшигин бошотсо да эч жакка качпай- этпей эле булар да түрмөдө калып калса болот эле да?! Анан эми ушундай нерсенин бары белгилүү болуп атса туугандарынын: “Балабыз эч кандай кылмыш кылган эмес, ак жеринен камалган деген туугандарынын сөзүн кандай түшүнсө болот?!

- Демек, сиз укук коргоо органдарын чечкиндүү кадамдарга барышына кылмышкерлер өздөрү түрткөн деген ойдо экенсиз да?

– Эми өзүңүздөр деле соттолгондордун ар биринин кесилген статьяларын карап көрсөңөр, көчөдөгү жөнөкөй чөнтөкчү эмес экенин түшүнөсүңөр. Ушул жерден белгилеп кетчү нерсе жогоруда айтылган укук коргоочулардын сүттөн ак кылып көрсөтөйүн деген кылмышкерлердин бары тең оор кылмыш беренелери боюнча жоопко тартылган. Анан негедир ошол кылмышкерлерди коргоп, туугандарынын кайгысынан жана каза болгон адамдардын өлүмүнөн саясат издеп жаткан адамдар кайсы бир күчтөрдүн атайын буйрутмасын аткарып жаткандай туюлат. Болбосо, “өлүк мындай жатат, андай жатат” деп врачтын, адвокаттын жанында өз көзү менен көргөнсүп, жомокторду айтып чыкканы туура эмес жана акылга сыйбаган көрүнүш деп эсептейм.

- Ошол эле сиз айтып өткөн коомчулуктун айрым өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, 2010-жылдагы июнь окуяларында качып жүргөн кылмышкерлер түштүк жергесине гумжардамдарды жеткизишип, калкка жардамдашкан деп элдик кошуундарга байланыштырып жатышкандарына кандай баа берет элеңиз? Анткени, ошол күндөрү сиз дагы элдик кошуундун башында туруп, тартипти орнотууга катышып жүрбөдүңүзбү?

– Бул маалымат таптакыр чындыкка коошпойт. Элдик кошуундардын негиздөөчүлөрүнүн бири катары айтсам, жеке мен мындай адамдарды тааныбайм. Атайын, бөлөк, белгилүү кошуундардын төрагаларынан да сурасам жогоруда аталган адамдар эч качан элдик кошуунда болбогонун айтышты.

- Эми жанагы кылмышкерлерди тирүү кармаса болот эле деген пикирге кайрылсак. Сиздин жеке баамдашыңызча качкан абакчыларды өлтүрбөй, тирүү бойдон кармап калуу мүмкүн беле?

– Бул окуяны атайын саясатка айландырып, курал катары пайдалангандар көбөйүп кетти. Биринчиден, түрмөдөн качып кеткенине ИИМдин эч кандай тийешеси жок деп эсептейбиз. Себеби, ГСИН өзүңөргө белгилүү болгондой азыр өз алдынча мекеме. Азыркы окуя ГСИНди ИИМден бөлүп салгандын кедергиси деп түшүнөм. Экинчиден, дүйнөлүк практикада террорист деп айыпталган адамдарды тирүү кармаган жокко эсе экен. Анан алардын оюнча бычак менен болсо да кимдир бирөөлөр азабын тарткандан кийин ок чыгарыш керек беле? Өзүңөр көрдүңөр, кылмышкерлерди кармоодо ансыз да канча эр азаматтардан ажырадык. Бир канчалаган оор кылмыштарга күнөөлүү болгон кылмышкерлерден эмнени күтсө болот эле? Айрыкча Итибаевди жок кылуу операциясында брондолгон эшиктүү үйдө автомат граната менен куралдаган кылмышкерди бат эле сууруп чыгыш керек деген акылга кеп дагы сыйбаган кеп да. Керек болсо өнүккөн, кубаттуу өлкөлөрдө да мындай операциялар биздикинен көп жоготуулар менен аяктайт. Сөзүм куру болбош үчүн ошол өздөрүн укук коргоочу деп аткан адамдар сыйынып жүргөн Американын бир операциясына токтолуп кетейин. Американын “New York Times” журналы “Саддам Хуссейндин небереси – XXI кылымдын эр жигити” деп жарыялаган керек болсо. Чоң террорист эмес 14 жашар бала дүйнөдө эң кубаттуу делген америкалык атайы бөлүктүн 400гө жакын жоокерин 6 саат бою өзү жалгыз кармап, болуп көрбөгөндөй каршылык көрсөткөн. 14 америкалык жөө аскерди жайлаган. Эбегейсиз согуш менен алгандан кийин Американын жоокерлери өз көздөрүнө өзүлөрү ишенген эмес, 6 саат бою кенедей бала менен согушуп алдары келбегенине. Атышууну, кылмышкерлерди кармоону оңой ойлошсо анда өздөрү айтканындай кан чыгарбай кармап келишпейт беле? Андай эле жабырлануучуларга жан тартат экен, акыркы каза болгон ГСИН кызматкери эсин жогото электе качкындардын башында Итибаев, Абдрахмановдор турганын аёсуз мыкаачылык менен кыйнашканын айтууга үлгүргөн фактылар эмнеге айтышпайт? Керек болсо баш сөөгүнө мык каккан деп да айтылып жүрөт. Ал боюнча эмнеге эч ким унчукпайт?! Булар кылмышкерлерди коргошот экен болуптур, ал эми мыйзамдуулукту, элдин коопсуздугун коргоп каза болгон кызматкерлердин укугун ким коргойт? Мына ушуга окшогон суроолор жоопсуз калып атат тилекке каршы… Жөн отуруп алып сындагыча, жоокерлердин аз жоготуу менен чоң кырсыктан сактап калгандыгына таазим этип, алар менен сыймыктануу орундуудур?… Андан көрө чечкиндүүлүк, эр жүрөктүк менен өз жанын тобокелдикке салып, элдин тынчтыгын камсыз кыла алган эр жигиттерибизге ыраазычылык билдиргенди үйрөнөлү туугандар!

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru