Айбат » Леонардо Хоменюкка эл аралык издөө токтотулду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Леонардо Хоменюкка эл аралык издөө токтотулду

Леонардо ХоменюкИнтерпол “«Центерра Голд Инк»” компаниясынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюкту издөөгө алынгандарды тизмесинен чыгарды. Ал бул тизмеге Кыргызстандын суроо-талабы менен киргизилген болчу.

2015-жылдын август айында ал Болгарияда кармалып, эки ай камакта жатып, Кыргызстан аны экстрадициялай албай койгон соң бошотулган.

Хоменюк Интерполдун тизмесинен чыккан соң АКШга кеткен. Ал өзүн Кыргызстандын башкы прокуратурасы тарабынан издөөгө алынгандардын тизмесине киргизилишин мыйзамсыз деп атап, бул маселе боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылганы жатканын билдирүүдө.

“Центерраны” 2008-жылга чейин жетектеп келген Хоменюк аталган компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн коррупциялык жол менен азайткан деп айыпталган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны өткөрүп берүү боюнча Болгарияга өтүнүч кат жөнөткөн. Бирок Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда шектелип кармалгандарды өткөрүп берүү боюнча келишимдер жоктугуна байланыштуу бул маселе чечилген эмес.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru