Айбат » Токторбай Бектурганов, коомдук ишмер: “Раззаковдун сөзү менин жашоомо дем берген”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токторбай Бектурганов, коомдук ишмер: “Раззаковдун сөзү менин жашоомо дем берген”

Токторбай БектургановБашынан оор турмушту кечирип, жетимдин даамын татып чоңойгон инсан. Коомдук ишмер Токторбай Бектурганов жаш чагында оорчулуктун күнүн өткөрүп жатканда  кыргыздын чыгаан инсаны, мамлекеттин келечеги үчүн күрөшүп иштеген Искак Раззаковдун ага айткан жылуу сөздөрү  Токторбай атабыздын жашоосунун оор сыноосуна калкан болуп берип, жашоосуна дем берген экен. Улуу инсан Раззаков менен болгон таанышуусу, ал боюнча эскерүүсүн алдыңыздарга тартуулайбыз.

- Сиз Исхак Раззаков аксакал менен кантип таанышып калдыңыздар эле?

– Нарында Эмгекчил деген айыл бар. Мен ал кезде  5 класста окучумун.  Биз окуган мектеп Никалай заманында салынган, ал мектеп азыр деле турат, анда азыр деле окуучулар окушат. Бир күнү колхоздун башкармасы Токтоева  Асанакун мектепке келип, мектептин мүдүрүн : ”Эртең Раззаков келет, балдар менен сүйлөшөт. Балдарды бүгүн эрте тарат. Жакшылап жуунуп- тазаланып, жакшы кийимдерин кийип эртең саат  10дон кечикпей келишсин, конокту тосуп алабыз”- деди.  Ал киши да бекер киши эмес болчу,  жогорку советтин депутаты,  атактуу башкармалардын бири болчу да. Эртеси саат 9:30, 10до  эки, үч  “Вилит” деген машина менен  Раззаков келди. Бизди   мектептин алдындагы  көчөгө тизип койгон.  Ал киши мугалимдер менен учурашып, анан окуучуларды кыдырып баратып, менин жаныма келгенде негедир  токтоп калды.  Мени карап туруп  “-ата-энең барбы?- деп менден сурады, мен – жок, атам фронтко кетип кайтпай калды, энем мен бир жашыма жетип- жетпей өлүп калыптыр, десем-аа байкуш, бул фронттогунун үй-бүлөсүнүн баласы турбайбы.  Пасобия аласыңбы?  деди  -алам дедим .- Канча аласың? 36 рубль алам  дедим.  -Ким бар, кимдин колундасың?  деди , Чоң энем бар, чоң энемдин  колундамын.  -Башка бир туугандарың жокпу? жок мен жалгыз элемин…  Анан ошо менен артына кылчая карап   -Башкарма жардам береби?- деди   мен берет  деп койдум”. Артындагы бир кишисине айтты: “ Акыркы токтомдун негизде пособиясын көбөйткүлө, эми жакшы оку,  жакшы киши болосуң сен, жакшы окусаң”- деп кайра колун берип,   кыдырып кетти.  Мен байкап турдум, менден башка балага кол да берген жок,   өзүнүн ордуна барып кичине сөз сүйлөдү: “ эми жакшы тургула, аман тургула”- деди. Ал убак  Сталин өлгөн , 1953-жыл эле, Сталиндин  өлгөнү боюнча бир аз айтты.

Ошо менен машинасына түшүп кетип калды. Биз мектепке кирсек Тазабеков Эсенгул деген мектеп мүдүрү агайыбыз, тарадыңар, эми үйүңөргө” кеткиле деди. Мен жүгүргөн боюнча үйгө келсем чоң энем менден мурун угуптур, бул Раззаков, падыша менен кол алышыптырсың”! деп сүйүнгөнүнөн чоң энем ыйлап отурат.  Чоң энем менден тактап билгиси келип сурады,  “ мен Раззаков менен кол кармашып, менин пасобиямды көбөйтмөй болду” десем,  “ Болсун, болсун  падыша келип ошончо баланын ичинен колуңдан кармаса, ишиң оңолот, жакшы оку”- деп  башыман суу тегеретип чачып, батасын берди.  Ошо менен жүрө бердик, жашай бердик бир айга жетип жетпей эле пасобиям 36 рубулдан 47 рубулга көбөйдү. Ошол пасобия менен эле жашачубуз, башка эштекебиз жок.  Чоң энемдин улуу баласы  армиядан келген, 5 баласы кетип,  жалгыз ошол баласы эле келген, ал баласы  сарайда тай багып жүрдү. Колхоздун ишине көп  катыштым да, окуйм бирок окууга баягы айылдан эмес, кийин  көчүп кетип, 12 километр жерден барып келип окуй турган болуп калдым. Себеби турмуш ошондой болуп калды, тигил абышка бизди чогуу  турабыз деп сарайга көчүрүп алды. Ал убакта тамак тартыш болчу, 1953-жылы деле жакшы курсак тое элек мезгил эле. Саат 5те туруп алып сабакка жөнөйбүз, Бурмагул  эже, дагы бир фронтовиктин баласы  Рыспай, ал менден 2 жаш кичүү,  үчөөбүз жөнөйбүз окууга. Орто жолго келгенде Рысбай калып калат  мен кичине эс алып туруп барам деп. Баягы эжебиз да калып калат. Мен болбой көгөрүп мектепке келем, түштөн кийин кайра сарайга жөнөйм . Жолдо баратсам баягы экөө ошол жерде отурат. Себеби: эжебиз казан аякка аралашып, үйүнөн нан катып чыгат экен, ошону экөө жеп отурушат. Алар кээде сабакка барып, кээде барбай,  алар окуп келди болуп барышат сарайга.

- Раззаковдун мамлекетке кылган иштерин айтып бере аласызбы?

-Анда мен 5-6 класста окучумун. Анда бизде биринчи секретарь деп айтчу. Раззаков жакшы падыша, жакшы хан, элге кайрымдуу деген сөздөр угулчу да. Азыркы мезгилде   мен өңдөнгөн улгайып калган адамдардан, кол алдында иштегендерден сурасаңар Раззаков жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышат. Ал адам  чечкиндүү, элине кайрымдуу болгон деп.    Эми мен Раззаков иштеген мезгилде жаш болуп калдым, азыр угуп жүрөм кызматтан аларда  бир шылтоо табыш керек эле да,  улутчул деген шылтоо менен кызматынан алды. Мен токмокто биринчи курста окуп калгам, саясат менен анча ишим жок, бирок угуп калгам Раззаков 16-17 кылымдарда биздин кыргыз эли ойроттордон, калмактардан качып экиге бөлүнүп көбү Анжиян өрөөнүнө кирип кеткен да. Азыр деле Анжияндын  Фергана өрөөнүндө ошондон калган миллиондогон кыргыздар ошол жерде жашашат.   Эки, үч жыл мурун парктардын биринде Анжияндык кыргызга жолугуп калдым, ал буркурап ыйлайт “Кыргызстандын жыты, Ала-Тоосу кандай сонун”- деп. Бир туугандык сезимиң козголуп турат да.

Раззаков ошол мезгилде  Өзбектердин чоңдору менен сүйлөшүп, кыргыз тилин унутуп калбасын деп кыргызча “Алиппени” , кыргызча китептерди бастырып туруп, Анжияндык кыргыздарга тараткан. Өзбектердин ичи күйүп өздөрү эле Москвага келип “Мына  улутчулдук китептерди таратып жатат” деп арызданышкан,  Раззаковдун  кызматтан кетишинин себеби ушул болду.  Негизинен Раззаков абдан жакшы киши болгон, абдан билимдүү киши болгон.

- Өзүңүз айтып кетпедиңизби, Раззаков менен кол кармаштым деп. Ошол кол кармашууңар сиздин жашооңузга кандай таасир бере алды?

– Ал кишинин кол бергени мага жаңы жашоо демин бергендей болду. Мага кол берип, машинага түшүп кеткенге чейин карап турдум. Мен мурун башка чоң  кишилерден Раззаковдун сөзүндөй жылуу сөз уккан эмесмин.   Раззаков биздин мектептен кеткенден кийин,  үйгө келип чоң апам “жети токоч-баабедин»  жазап жегенден кийин, мага жашоонун экинчи бир илеби келгендей болду.  Раззаков “жакшы оку, жакшы адам болосуң” дегенден кийин мен окуу жөнүндө көп ойлонуп калдым.  Ошондо Асанов Усен деген академик  экөөбүз чукул эле бир тууганбыз, төрт атадан кошулабыз.  Анда  ал Москвада Менделеев атындагы Химия институтунда окуйт.  Мен ушул Усен байкемдей окушум керек  деп   ойлонуп калдым. Мен колхоздо иштебеген иш калган жок. Баарын кылдым, чөп чаптым, араба тарттым, суу сугардым  бригадир каяка жумшаса ошол жумуштардын барын кылдым.  Ал кезде колхоздон чыгарчу  эмес,  Советтик Кыргызстан  деген гезит бар эле . Ошол гезитти окусам аягында Токмоктогу  техникумдун бир кулактандыруусу  жазылыптыр  “7 жылдык билими барлар  ушул техникумга кабыл алынат” деп жазылган экен. Мен колхоздон качып Балыкчыга чейин бир жүк ташуучу машина менен, андан бери дагы башка машиналар менен келип Токмоктогу техникумга кирдим. Кирсем Кусенбаев деген киши бар экен материалдын каршылыгы (Сампрамат) деген сабак бар болчу. Менден Математикадан тапшыруу экзаменин алганы жатышканда:  “ Агай, мен жетиммин, мен жетинчи класстан кийин окубай калдым,  жатарга үйүм жок, жегенге тамагым жок. Чоң энемдин колунда калып, колхоздо иштеп калдым. Чынымды айтсам  мен ушул техникумду гезиттен айрып алып, окуйм деп ушул дареги менен издеп, колхоздон качып келдим”- деп айттым. Ал киши  жакшы киши экен “ Анда мен сени кабыл алам, эптеп 3 коем, анан сен мени уят кылбай жакшы окуйсуңбу?”- деди, мен убадамды берип, анын сабагынан 3 алдым. Бакарева Мария Павловна деген аял бар болчу. Орус тилден  экзаменде  диктант жазып бергени атабыз. Баягы Кусенбаев ага айтыптыр “ушундай бала бар, ал орус тилин билбейт, жардам бер, бирок  ал окуп кетет” деп. Баарыбыз отурганда баягы аял кыдырып  барак тартып берди.  Баягы баракка мен чиймелеп отурам, түшүнбөйм, кайдан унутуп калдымда 7 класстан кийин 3- 4 жыл колхоздо иштеп калбадымбы. “Бектурганов это ты”  дегенде “да” десем бир жаңы бетке кол кой деди кол койдум, алып кетти.  Ошентип эки сабактан экзаменден өтүп Кусенбаевге келип  агай “рахмат сизге, бирдеме алып берейин”  десем агай  “Жок, жок эптеп эле жакшы окуп кетсең болду” деди  үйүмө кетип колхоздун жумуштарын өткөрүп, өттү деген справка алдым.

- Башыңыздан жетимчиликтин сезими өтүптүр. “Жетим” деген сөздън, аталышы кандай угулат сизге?

– Жетим  деген ошол кезде жаман угулчу, себеби  “жетим” деп балдар тегеректеп, сабап кетишчүү.  Мына азыр кудайыма шүгүр алты балам бар үч кыз, үч эркек  уулдарым бар. азыр мына  үй бүлөм бар болуп ал жетимдик сезимимди унуткам. Жетимдикти эч кимдин башына салбасын.

- Үй- бүлө жөнүндө сөз кылып калдык. Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетесизби?

– Кудайыма шүгүр жана жогоруда айткандай алты балам бар.  Балдарым эл катары жакшы турушат, жакшы жумуштарда. Кийин техникумду бүткөндөн кийин эле мен  өзүмдүн Эмгекчил  айылына  24 жашымда башкарма болдум.  Ал кезде билимдүүлөр аз болчу,  колхозду 10-жыл башкармалык милдетимди аткардым.   Анда көрсөтүлүп жатканда Турдакун Усубалиев мени карап “ сен аябай эле жашсың го, биз колхоздун башына  40- 50 гө чыгып, акылга токтолуп калгандарды  алабыз, анан да сенин билимиң жогорку эмес экен” дегенде  мен болбой эле “эгер сиз ишенсеңиз эле мен иштеп кетем” дедим.  Болуптур эми мен макулдугумду берейин, бирок  жакшы иште, мен дайым сага көз салып турам” деди. Башкармачы болуш оңой эмес болчу анда,  элдер 40-50 миң  жандыктарын, байлыктарын ишенип берчи. Мен 10 жыл башкардым, эми ал убакыттын ичинде жаман болгон жок колхоз, эми  кемчиликтер да болду.  Жалпылап айтканда колхоз өнүгүү жолуна түштү. Компартиянын тушунда эки совхозго директор болдум, ал кезде колхоздун башкармалыгынан совхоздун директорунун орду чоң болчу.  Селхоз техниканын башчысы болуп иштедим. Областта жетекчилик кызматтарда иштедим, Ысык-Көл, Нарын кошулганда областтык элдик көзөмөл деген бар болчу  ал жерде дагы иштедим. Мен азыр 75 жашка келдим башыман көп нерсе өттү.  Эми кудайыма шүгүр, балдарым бул жашоодо өз ордуларын таап алышты. Мен азыркы учурда 4 кесиптик лицейде Кыргызстандын тарыхы жана Манастан сабак берем.  Эми мен Раззаков менин колумду кармашын, ал кишини кудайымдай эле көрүп, азыркыга чейин арбагына таазим кылам!

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru