Айбат » Дуйшен Узен уулу: «Орустар атыма тили келбей Дуйшен деп жазып салышыптыр»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Дуйшен Узен уулу: «Орустар атыма тили келбей Дуйшен деп жазып салышыптыр»

Дуйшен Узен уулу Кайгылуу ырларды ырдап, жаштардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Дуйшен Узен уулу менен маек курдук.

- Дуйшен мырза, чыныгы атың Дуйшенби же улутуң башкабы?

– Совет доорунда паспорт столдо орустар иштеп, Дүйшөн деген атыма тили келбей Дуйшен деп жазып салышыптыр. Ошондон бери документте Дуйшенмин. Туугандарым болсо Дүйшөн деп эле чакырышат. Азыр шоу чөйрөсүндө Дуйшен деп паспортумдагы атым менен чыгып жатканымдын себеби ошол десем болот.

- Кайгылуу ырларга басым жасайт экенсиң, жашооңо байланыштуу эмеспи?

– Негизи репертуарымда 5-6 ырым бар. Бирөө патриоттук калгандары сүйүү темасында. Жакынкы пландарга позитивдүү маанай тартуулай турган жакшы шаңдуу ыр жаздырып жатам.  Бирок, ырларыма кайгылуу ырларды ырдап калышыма жеке жашоомдун да тиешеси бар. Акыркы учурларда шаңдуу ырларга да басым жасасамбы деген оюм бар. Ырчы болгон соң, бардык темада ырдаганы дурус деп ойлойм. Бирок, кайгылуу ырларга негедир чукулмун.

- Чыгармачылыгыңда кандай жаңылануулар болуп жатат?

– Азыркы учурда бутум жерге тийбей талыкпай чыгаримачылыгымдын үстүндө иштеп жатам. Жакында эле “Көрүнгүс арзуу” аттуу жаңы ыр жаздырдым эле ошол ырыма клип тартып бүтүп элге тартулоо алдында турам.

- Ырдагандан тышкары дагы кандай өнөрүң бар?

– Айта берсем өнөрлөрүм толтура. Бирок, эркекке тиешелүү бирөөнү гана айткым келип жатат. Мен темир тулпарымды жаныман да жакшы көрөм. Кээде маанайым чөгүп, же маанайым абдан жакшы болгон кезде тулпарымды абдан чоң ылдамдыкта чапкылап алыска барып келем. Ошондой эле, интернеттин тилин абдан жакшы билем, тактап айтканда “хакермин” деп койсом да болот.

- Алдыга койгон максаттарың менен бөлүшө кетпейсиңби?

– Алдыда көптөгөн жакшы максаттар бар.  Эң негизгиси Кыргызстанга таанылган эмес, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан адам болуу. Адам баласы туура кыялданса баарына жетет деп коет эмеспи, ошондуктан бардык замандаштарыма ийгиликтерди каалайм.

- Чыгармачылыкта кимден үлгү аласың?

– Кыргызда улуудан үлгү алып келген. Мен да албетте өзүмөн улуу эже-агаларыман үлгү алам. Албетте, беш кол тең эмес дегендей, бардык эже-агаларымдан үлгү алганга болбойт. Мен башынан эле адамдын жакшы сапаттарын өзүмө сиңирип алууга аракет кылам. Сен канчалык жакшы адам болсоң, сенин айланаңды да жакшы адамдар курчап жүрөт. Анан албетте, Ырыспай Абдыкадыров сыяктуу залкарларыбыздын талантына таазим кылып, алардын деңгээлине жетүү максатында чыгармачылыгымдын үстүндө алпурушам. Негизи, ырчынын өзү эмес тарыхта анын ыры калат. Ошондуктан, менин ырларым да тарыхта калышын каалайм.

- Тарых жөнүндө кеп козгоп кеттиң, тарыхка кызыгат окшойсуң?..

– Ар бир кыргыз уулу тарых, санжыра дегенге кызыгып, тарыхты билүүсү шарт деп ойлойм. Себеби, алар келечекте бир кичинекей үй-бүлөө деген мамлекеттин башкаруучусу деп билем. Анан албетте, балдарыңа тарыхты, санжыраны айтып берсең, алар да өз балдарына айтып беришет. Биз тукум улоочубуз. Ошондуктан, кыргыз тарыхын, санжырасын билүүбүз абзел.

Самара Саламатова

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru