Айбат » Курманбек Ниязбеков, продюссер: “Макс мырза “Туулган күн” аттуу жаңы ыр жаздырды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Курманбек Ниязбеков, продюссер: “Макс мырза “Туулган күн” аттуу жаңы ыр жаздырды”

Макс МырзаАктер, ырчы Макс Марза репертуарын дагы бир ырга толуктады. Сөзү, обону Өсөр Козуевге таандык «Туулган күн» аттуу жаңы ыры аз күндө радиолордон жаңыра баштайт. Бул ырдын клиби да ноябрь айында тартылып, атайын премьерасы болмокчу. Жаңылык менен бөлүшкөн ырчынын продюсери Курманбек Ниязбеков.

- Эмне үчүн бул ырды тандадыңар?

– Макс Мырзанын ыр куржунунда ар кайсы темадагы ырлар болушун каалап, Өсөр Козуевдин «Туулган күн» деген ырын тандап алдык. Көп жерден репертуарда туулган күн жөнүндө ыр барбы деп сурагандар да арбын.

- Музакынын аранжировкасын ким жасады жана кайсы студияда жазылды?

– Аранжировкасын Акылбек Карипов деген агабыз жасады. Ал эми үнүн жазган музыкант Азат Дөөткулов байкебиздин «Azat produktion» студиясы. Аскар Алиев деген жигит үнүн жазып берди.

- Ноябрда тартыла турган клипке ким режиссерлук кылганы турат?

– Буйруса өзүм режиссерлук кылам. Сценарийди Макс экөөбүз кеңешип жазабыз.

- Макс Мырза театрда актер экенин билебиз, ал жаатында кандай жаңылыктар бар?

– Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин «Улуу үркүндө» пьесасынын негизинде коюлуп жаткан спектаклде Миңжашар деген каарманды даярдап жатат. Спектаклдин режиссеру Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков. Ноябрь айынын башында буйруса спектакль көрүүчүлөргө тартуулаанат.

- Бул жыл бүтүп, жаңы жылдын келишине эки эле ай калды, ошентсе дагы жылды жыйынтыктап, келе жаткан жылга пландар кандай?

– Быйылкы жылы негизи Макс Мырзанын тушоо кесүү концертин Сокулук жергесине берели деп пландап жатабыз. Макс Мырзанын чыгармачылыкта чогуу жүргөн достору куттуктап келет. Концерттин негизги өзөгүн ырчынын чыгармачылыгы түзөт.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru