Айбат » Жаңы жүздөр, сулуу, сексуалдуу депутат айымдар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Жаңы жүздөр, сулуу, сексуалдуу депутат айымдар

Бул жолу Парламенттин 6-чакырылышына келген жаңы жүздөр, ажарлуу, сексуалдуу, сулуу жана жаш депутат айымдар туурасында жазууну туура көрдүк. Депутат айымдардын ишмердүүлүгүнө кийинчерээк кенен токтолуп, ар бири менен кенен тааныштырабыз.

 

Эльвира СурабалдиеваЭлвира Сурабалдиева сулуу жана сексуалдуу экен

Жыргалбек Сурабалдиевдин чүрөктөй болгон Сурабалдиева Элвира аттуу кызы СДПК партиясынан депутат болуп келди. Атасы каза болгондон тарта «Кудайберген» базарын жетектеп келе жатат. Учурда 36 жашта. 1978-жылы 23-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимин Улуу Британиянын Бристоль университетинен алып келген. Ошондуктан англис тилинде түш жооруйт десек болот. Элвира сулуу «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны жактырат. Бош убактысы боло калганда китепти көп окуйт. Анын сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы, кылыктанганынын өзү эле сексуалдуу экен, – деп баа бердик.

 

 

Лунара МамытоваЛунара Мамытова да кем калбайт

Лунара Мамытова жаш жаңы депутат айым. 1985-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2006-жылы ОшМУнун «Тарых» факультетин, 2009-жылы Юридикалык факультетин аяктаган. КТРКда диктор болуп иштеп жүрүп, «Бир бол» партиясынан депутат болуп келип отурат. Лунара айым да ажарлуу депутат айымдардын катарында. Өң десе өңү бар, сулуу десе – сулуу, «фигурасы» да мыкты Лунарага кыргыз эли ажарлуу жаш депутат айым деп билишет. Эми анын иштеген ишине баа берүүчү учур алыс эмес.

 

Айсулуу МамашеваАйсулуу Мамашева депутат айымдардын эң кенжеси

Турусбек Мамашевдин кызы, «Дасмия» компаниясынын Президенти Айсулуу Мамашева «Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп келди. 1988-жылы Фрунзе азыркы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Айсулуу, атына – заты жарашкан айдай сулуу жаш анан жаңы депутат.

 

Халикова АшэраАшэра Халикова 4 баланын энеси, ажарлуу депутат

Ашэра Халикова СДПК партиясынан депутат болду. Ашэра айым 4 баланын энеси болгонуна карабастан өзүн мыкты алып жүргөн айымдардын катарында. Ал 1974-жылы Чүй облусундагы Искра айылында төрөлгөн. Ашэра айым да кээ бир депутат айымдар сыяктуу маркум жолдошунун ишин улантып, 4 баласын өзү тарбиялап келет. Кыргыз Улуттук Университетин аяктаган. «Менин максатым – үй-бүлөлүк зомбулукка, түрдүү кыйноолорго каршы күрөшүү. Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо”,- дейт. Өзүнүн жашы кырктан өтүп калса дагы Ашэра айым жаш анан сулуу көрүнөт.

 

Мавлянова МахабатМахабат Мавлянова да жаңы жүз

«Республика-Ата-Журт» партиясынын дагы бир сулуу жаш депутат айымы Махабат Мавлянова «Алтын Казына» ресторанынын, «Maryotel» мейманканасынын директору. Өзү Ош шаарында чоңойгон. Учурда 3 кызды тарбиялап жаткан чагы. Махабат айым учурдун эң ийгиликтүү, ишкер айымдарынын бири. Акыркы учурларда Махабатт айымдын супсулуу болгон жүзүн журнал беттеринен байма-бай көрүп калдык. Өзүн каранган айым дайыма сулуу, – дептир бир ойчул. Өзүн дайыма карап жүргөн Махабат айымды бул жолу жаш анан сексуалдуу, сулуу айымдардын тизмесине киргиздик.

Самара Саламатова

Айбат гезити №152 (30.10.15)




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Мага Эльвира Сурабалдиева жагат а бирок жолдошу жок деп уккам билбеймго бирок мумкун болсо мага тийеби мен 91.мин 25.жаштамын а озунон кичинек жашка карабайт бекен дегеним суулу кыз суулулугу мага жагат.?????

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru