Айбат » 2012-жылы Кыргызстанга алынып келинген 189 аталыштагы дары-дармектердин сапаты текшерилген эмес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » 2012-жылы Кыргызстанга алынып келинген 189 аталыштагы дары-дармектердин сапаты текшерилген эмес

2012-жылеклы Кыргызстанга алынып келинген 189 аталыштагы дары-дармектердин сапаты текшерилген эмес. Бул тууралуу Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жумушчу тобунун отчётунда жазылган. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке көптөгөн кардарлар дары сапатсыз болуп жаткандыгын айтышып, арызданышкан. Ошондон соң республикага алынып келип жаткан дарылардын каттоодон өтүү жол-жобосун текшерүүчү топ түзүлгөн.“Дары менен камсыз кылуу департаменти 189 аталыштагы дары-дармектерди каттоосуз Кыргызстанга алып келүүгө уруксат беришкен. Бул дарылар атайын тизмеге кирген эмес, бирок аптекаларда сатылып жаткандыгы белгилүү болду.  Ал эми кээ бир дарыларды өндүргөн фирма эмес, ортомчулар алып келип жүрүшкөн. Дарыларды каттоого алууда 500-1000 доллар төлөнөт. Ал эми бюджетке дары-дармектерди каттоого алууда 4,5 миллион сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калган. Бул каражаттар кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы белгисиз. Дары менен байланышкан маселе өтө кооптуу бирок укук коргоо органдары тарабынан эч кандай колдоо болбой жатат”,- деп жазылган билдирүүдө.

11:35 24-06-2013

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru