Айбат » Абактын даамын таткан дүйнөлүк жылдыздар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Абактын даамын таткан дүйнөлүк жылдыздар

Дүйнөлүк жылдыздарда бизге окшогон адамдар. Бирок, биз аларды бир калпта жүргөн, эч күнөөсүз жүргөн адамдар катары көрөбүз. Көрсө алардын арасында атак-даңкы болгону менен мыйзамды бузушуп абактын даамын да таткандар да бар экен. Анда эмесе силердин назарыңыздарга абактын даамын таткан 9 дүйнөлүк жылдыздарды тартууламакчыбыз.

 

Мишель РодригесМишель Родригес

Баарыбыз кызыгып көргөн “Форсаж” деген кинонун бардык бөлүгүнө катышкан жана “Аватар”  жана башка белгилүү кинолордо катышкан Мишель Родригес мас абалында машина айдап Лос-Анджлестин абагына 180 күнгө кесилген. Өз учурунда бул абакка Линдси Лохан жана Николь Ричида отуруп чыгышкан экен.

 

Lil’ KimLil’ Kim

Реп жанрындагы ырды жактыргандарга белгилүү Кимберли Денис Джонсон каймана аты Lil’ Kimда абактын даамын таткан жылдыздардын арасына кирет. Lil’ Kim 2005-жылы кылмышкерлер менен биргелешип иш алып барып жана жалган көргөсмө бергендиги үчүн бир жыл бир күн абакта отуруп чыккан. Мындан тышкары ал 50 000 доллар айып төлөп 3 жылга шарттык түрдө жазаланган. Мындай чечим   Lil’ Kimди 20 жылдык абактан сактап калган экен.

 

Уэсли СнайпсУэсли Снайпс

Уэсли Снайпстын кимдер гана тааныбайт. Бул жылдыздын атын укканда эле элесибизге “Блэйд” деген кино тартыла түшөт. Бул каарманыбызда абактын даамын таткан. 2010-жылдан баштап 2013-жылга чейин Пенсильвания абагынын ичинде күн өткөргөн.  Абакта күн өткөрүшүнүн себиби мамлекеттке налог төлөбөгөндүгүнөн 3 жылга кесилген. Абак  Уэсли Снайпска жакшы тарбия бергенби, абактан чыккандан кийин налогду өз учурунда төлөп турат экен жана тартиби да жакшы нукка бурулган.

 

Пол МаккартниПол Маккартни

Англиялык поп музыкант жана продюсер Пол Макартни 1980-жылы Токионун аэропортунан марихуананы жанына алып жүргөндүгү үчүн бир жумадан ашык абактын даамын таткан.

Винс НилВинс Нил

“Motley Crue” группасынын музыкантты Винс Нил 1984-жылы мас абалында машина айдап бара жатып, жолдо келе жаткан машинаны сүзөт. Машинасынын ичиндеги  өзүнүн группасындагы Реззл аттуу 24 жаштагы барабанщик кайтыш болот жана сүзүлгөн машинадыгы эки адамды жаракат кылат.  Винс Нил адам өлтүрүү жана мас абалында машина айдагандыгы үчүн сот алдында жооп берип 30 күн абакка кармоо чечимин чыгарат. 30 күндүн 15 күнүн абактан өткөрүп, жаракат алган жана кайтыш болгон 24 жаштагы Раззлдын үй-бүлөсүнө 2,6 млн доллар төлөп берип 5 жылга шарттык түрдө жаза алган.

Пэрис ХилтонПэрис Хилтон

Дүйнөнү өзүнүн сулуулугу менен багындыра алган айымдардын катарында жүргөн Перис Хилтон 2007-жылы мас абалында машина айдагандыгы үчүн 45 күнгө  аялдардын жаза өткөрү мекемесине камалган.

 

Роберт Дауни-младшийРоберт Дауни-младший

 “Темир адам”, “Шерлок Холмс” деген кинолору аз убакыттын ичинде коомчулуктун сүйүктүү кинолору болууга жетишти. Анткени, башкы каармандын образын жакшы аткарган Роберт Дауни бирден-бир себеп болуп берди десек жаңылышпасак керек. Роберт Дауни 1999-жылы наркотик колдонгондугу үчүн 3 жыл абактын даамын татып чыккан.

Дэнни ТрехоДэнни Трехо

Американын атактуу кинолрунун көбүндө роль жараткан Дэнни Трехо да абактан кур калган эмес. Ал атактуулука жеткенче Калифорниянын бир топ абактарында күн өткөргөн экен. Денни Трехо наркотик менен күн өткөрүп жана мыйзамды дайыма бузгандыгы үчүн абактан башы бошогон эмес. Элге таанымал болуп калагандан кийин жоопкерчилиги көбөйгөндүгүнөнбү өзүн жакшы жолго салып жакшы баланын каарманы болуп калган.

 

Майк ТайсонМайк Тайсон

Бокс дүйнөсүндө эң таанымал адам жана бокс падышасы атыккан Майк Тайсон дагы абактын ичин көрүп чыккан жылдыздардын катарын толуктайт. 1992-жылы  “Американын кара мисси” деген наамды утуп алаган Дезире Вашингтонду зордуктады деген күнөө менен 10 жылга кесилген. Бирок, эки жылдан кийин, убактысынан эрте абактан чыккан. Мындан тышкары көптөгөн мыйзамсыз жолдор менен да сот алдында жоопко тартылган.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №152 (30.10.15)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru