Айбат » Элзар Болотбеков, Нарын облустук балдар-уландар спорт мектебинин машыктыруучусу: «Нарын шаарында хоккейди өнүктүрүү үчүн муз аянтчасын курдуртуп жатабыз»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Элзар Болотбеков, Нарын облустук балдар-уландар спорт мектебинин машыктыруучусу: «Нарын шаарында хоккейди өнүктүрүү үчүн муз аянтчасын курдуртуп жатабыз»

Элзар БолотбековНарын шаарына заманбап муз аянтчасын, агасы «Ала-тоо – Нарын» спорт клубунун, «Ала-тоо – Дордой» хоккей клубунун Президенти Ташболот уулу Нурбек менен бирдикте өздөрүнүн акчасына курдуртуп, Нарын жаштарынын хоккейге болгон сүйүүсүн ойготуп, хоккейди өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан Элзар мырза менен маек курдук. Элзар Болотбеков Нарын облустук балдар-уландар спорт мектебинин машыктыруучусу, Нарын облустук Хоккей лигасынын Президенти, Ала-Тоо-Дордой командасынын машыктыруучусу, КРнын хоккей курама командасында дарбазачысы.

- Элзар мырза, Нарын шаарына заманбап муз аянтчасын курдуртуп жатыпсыздар. Муз аянтчасын салуу туурасындагы демилгени ким көтөрүп чыкты эле?

– Демилгени байкем экөөбүз көтөрүп чыкканбыз. Нарындагы хоккейди өнүктүрөлү, Нарын шаарына да заманбап хоккей аянтчасы болсун деген максатта Нарын хоккей лигасын ачып,  Ала-Тоо-Дордой командасын түзүп, хоккей боюнча демилгени көтөрдүк. Бул аянтча өзүбүздүн демилгебиз менен жалаң өзүбүздүн акчабызга салынып жатат. 1 миллион 400 миң доллар. Мамлекеттен, эч жактан жардам болгон жок, жардам сураган да жокпуз. Бардык жүктү өзүбүз көтөрүп, өзүбүз салып жатабыз.

- Сиз айтып жаткан 1 миллион 400 миң доллар оңой сумма эмес. Акчаны табууда кыйынчылыктар болдубу?

– Акча табуунун өзү кыйын да. Айрыкча муз аянтчасын салууга жер маселеси боюнча бир топ кыйынчылыктар болду. Жанагынча инвестиция алып келип жаткандан кийин жерди алдык. 67 миң долларга проект жазаттырдык.

Элзар Болотбеков

- Чоң суммага инфраструктура салып жатыпсыздар. Кайра кетирген сумманы кайрып ала албай калам деген коркуу болгон жокпу?

– Биз башында кандай кылып салсак болот деп ойлонгонбуз. Бишкекке салалы, ал жактан киреше түшөт деп да ойлонуп көрдүк. Биздин эң башкы максатыбыз киреше табуу эмес. Нарын жергесинде хоккейди, муз үстүндө бийлөөнү дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүү. Машыктуруучулар менен да сүйлөшүүлөр жүрдү.  Муз аянтчасын абдан жакшы иштеткен күндө 15 жыл дегенде гана өзүн актайт экен. Өзүбүздүн атыбызды тарыхта жакшы издер менен калтырып кетели деген гана ой. Биздин тоолук жаштарыбыз да хоккей менен муз үстүндө бийлөөнү жогорку деңгээлде үйрөнүп алса деген изги тилек болуп жатат. Азыр он күндүн ичинде Россиядан бир фирма келип үстүн жапканын баштайт. Коммуникациясы кирген, фундаменти куюлган. Анан муз тоңдуруп машыга баштайбыз.

Элзар Болотбеков

- Бокс залын салганга бел байлап жаткан турбайсыздарбы. Ал боюнча да маалымат берип кетсеңиз?

– Нарын облусунда чындыгын айтканда спорт абдан төмөндөп кетти. Аябай кызыгып иштеген кишилер да аз болуп жатат. Спортко каралашалы деп аракет кылып жатабыз. Спорт залдын проекти бүттү. Жерин сүйлөшүп жатабыз. Тыйыны деле муз аянтчасына караганда азыраак 25 миң доллар болот экен. Азыр сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Элзар Болотбеков

- Өзүңүз хоккейди канча жашыңыздан баштап ойной баштагансыз?

– Хоккейди кийин эле ойноп баштадым. Ашып кетсе 6 жыл болду. Мени хоккейге атам Бектемишов Болотбек Жабуевич Кыргыз Республикасынын Хоккей боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу алып келген. Дарбаза тосконго киши жок болуп жатат деп атамдын өтүнүчү менен дарбаза тосуп калдым. Башында коньки тепкенди деле билчү эмесмин. Эки жыл ичинде хоккейди үйрөндүм. Азыр буюрса жакшы ийгиликтерди багынта алдык. 2011-жылы Казакстнада өткөн 7-кышкы Азиялык оюндарда Премьер-Лигада чемпион болдук. Андан келип, Азия чакыруу кубогунун күмүш медалын алдык. 2015-жылы апрелде Кувейтке барып келдик. Ал жактан коло медалдын ээси болдук. Азыр мен машыктыруу жагына басым жасап жатам. Ала-Тоо-Дордой курама командасында 18 бала ойнойт. Биздин команда профессионалдык деңгээлде 2 жолку Кыргыз Республикасынын чемпиону болду. Жогоруда машыктыруучулукка басым жасап жатам деп айтып өтпөдүмбү. Машыктыруу боюнча Финляндияга барып окуп 3-даражадагы сертификат, Кореядан 2-даражадагы сертификат алып келдим. Буюрса дагы окууларга барып сертификаттарды алып келсем, дипломдуу машыктыруучу болуп калам.

0102

- Дарбазаны тосуп турганда хоккейдин шайбасы менен чекеге жеген күндөрүңүз болду беле?

– Андай учурлар толтура болот. Шайба чекеге тиймек турсун, шайба башка тийгенде эсимди жоготуп 2-3 мүнөт уктап калган убактар да болгон. Айла жок тосуш керек болот. Колу-бутуң менен тососуң, аргаң кеткенде башың менен тосконго туура келет. Башка шайба менен көп эле жедим. Биздин балдардан жакшы балдар бар. Апрель айында Азия чакыруу кубогу Кыргызстанда болот. Азия боюнча 7 команда ат салышат. Андан ары 2017-жылы Японияда Азия оюндары өтөт.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №152 (30.10.15)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru