Айбат » БДЖА кыргызстандагы 600дөн ашык атасыз балдарга майрамдык маанай тартуулады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » БДЖА кыргызстандагы 600дөн ашык атасыз балдарга майрамдык маанай тартуулады

Тагдырдын оор сыноосу менен атадан эрте ажыраган жаш өспүрүмдөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү максатында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы кезектеги “Кайрымдуулук атуулдук парзыбыз – 20015”аттуу майрамдык программасын уюштурууда.

БДЖА

Буга чейин Ош, Нарын жана Ыссык-Көл облустарында өткөрүлдү. Ал эми бүгүн 5-декабрь күнү Бишкек шаары жана Чүй облусунан каттоого турган атасыз балдарга жана апаларына чон программадагы  маараке өткөрүлдү.  Майрамдык кечеге КР ЖКнин депутаттары Д. Бекешов, З. Жамалдинов, КРнын соц. өнүктүрүү министри К. Базарбаев жана КРнын билим берүү жана илим министринин биричи орун басары Н. Эсенгулов ж.б. бир топ жогорку бийлик өкүлдөрү, БДЖАнын президенти Саид Баюми жана 600 дөн ашык жетим балдар апалары менен ошондой эле БДЖАнын кызматкерлери катышышты.

Саид Баюми

 Аталган мекеме өзүнүн карамагында турган 600 балага 3000 (үч миң) сомдон  кезектеги  жөлөк пулун жанаар бир кышкы курткаларды, таттуу белектер менен таратты. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм балдардын апаларына кир жуучу машиналар  тапшырылды. Кечени элге белгилүү эстрада жылдыздары жана маданият кызматкерлери көркөм  чыгармалары менен коштошту.

БДЖА

БДЖАнын президенти Саид Баюми, Кыргызстан калкынын социалдык турмушун көтөрүүнү өзүнүн жарандык милдети катары эсептеерин жана калктын аярлуу катмарына дайыма көңүл бурууну кааларын билдирип, жалпы энелерге бекем ден-соолук жана бакубат ыйман тилеп өттү.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 2000 атасыз балдар БДЖАнын эсебинен ай сайын 1700 сомдон жөлөк пул, мектеп окуу куралдарын (дептер, калем, карандаш, калемсап, альбом ж.б.у.с.) жайкы жана кышкы кийимдерин алып турушат.

 

Тактап айтканда бир жылдын ичинде:                                                                
Жөлөк пул    (пособие)                                                             29млн 580 миң сом
Кышкы жана жайкы кийимдерине 4 млн 640 миң сом
Мектепке керектүү конц товарлар 1 млн 440 миң сом
Медициналык көзөмөл                                                                580 мин сом
Таттуу белектерге 870 миң сом

акча коротулат




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru